ИШИМге каршы операциялар уланууда

ИШИМ буталары бомбаланды.

157546
ИШИМге каршы операциялар уланууда

Америка Кошмо Штаттарынын жетекчилигиндеги коалиция күчтөрүнүн ИШИМге каршы операциялары уланууда.
21и Кобаниде орун алган бардыгы 23 ИШИМ бутасы абадан бомбаланды.
Сирияда ИШИМ менен күрт күчтөрүнүн ортосунда катуу кагылышуулар болуп жаткан Кобани шаарына жакын жердеги операцияларда маанилүү жайлар жок кылынды.
Дейр-эз Зорго жакын жердеги абадан бомбалоолордо болсо белгиленген мунай зат ишканалары бутага алынды.
Сириядагы операцияларга Сауд Арабстан да колдоо көрсөттү.
Ирак армиясынын Салахаддин жана Диялада жүргүзгөн операцияларда 46 ИШИМ террористти өлтүрүлдү.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар