ИШИМ кайрадан абадан 9 жолу бомбаланды

Америка күчтөрүнүн Сирия жана Иракта террор уюму ИШИМ буталарын кайрадан 9 жолу бомбалаганы жарыяланды.

153758
ИШИМ кайрадан абадан 9 жолу бомбаланды

АКШнын Борбордук күчтөр комдандирлиги (CENTCOM) Америка күчтөрүнүн Сирия жана Иракта террор уюму ИШИМ буталарын кайрадан 9 жолу бомбалаганын жарыялады.
ИШИМдин курчоосундагы Кобаниге акыркы эки күндө АКШ армиясы тарабынан 6 жолу абадан бомбалоо уюштурулду.
Бомбалоодо ИШИМдин бир согуштук борбору жана уюмга караштуу эки бөлүк атылды.
Айрыкча бир башкаруучу борбору жана үч жүк ташуучу унаа да талкаланды.
ИШИМ жалгыз эле Сириянын түндүгүндө эмес, Иракта да бутага алынды.
Америка Кошмо Штаттары жана Нидерландиянын учактары Мусулга жакын жердеги Телафер жана Анбар провинцияларындагы Хит шаарынын айланасындагы 3 бутаны бомбалады.
АКШ армиясынын Ирактын коопсуздук күчтөрүнө абадан суу, тамак-аш жана аскердик материал жардамын бергени билдирилди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар