Пападан Жакынкы Чыгыш сүйлөшүүсү

Папа Франциск Жакынкы Чыгыштагы кризиске байланыштуу аймак өлкөлөрүндө кызмат кылган кеңешчилери менен абалдарды карап чыгат

147128
Пападан Жакынкы Чыгыш сүйлөшүүсү

Католиктердин руханий лидери Папа Франциск Жакынкы Чыгыштагы кризиске байланыштуу аймак өлкөлөрүндө кызмат кылган кеңешчилери менен абалдарды карап чыгат.
Папа араларында Түркия да болгон Сирия, Ливан, Ирак – Иордания, Израиль – Иерусалим - Палестина, Египет жана Ирандагы папалык элчилери БУУнун Нью – Йорк жана Женевадагы папалык өкүлү жана Европа Биримдигинин ичиндеги өкүлү менен 2 – 4 – октябрда жыйын өткөрөт.
Жыйында Жакынкы Чыгышта террордук уюм ИШИМ себеп болгон маселелер башта болуу менен акыркы абалдардын каралары Ватиканга жакын басма сөз органдарында орун алды. Элчилер менен бирге жыйынга Ватикандын премьер – министри кардинал Пиетро Паролин, тышкы иштер министри Монсеньор Доминик Мамберти,Чыгыш чиркөөлөрү министри кардинал Леонардо Сандри, Диндер аралык диалог министри кардинал Жан-Луи Торан, папанын Ирак атайын өкүлү катары өткөн жумаларда аймакка барган кардинал Фернандо Филони сыяктуу жогорку мартабалуу ысымдардын катышары белгиленди.
Папа Франциск Иракта ИШИМ кол салууларынан таасирленген христиандар жана ездилер башта болуу менен башка азчылыктардын коргоого алынуусу жана аларга гуманитардык жардам жеткирилүүсү үчүн жай айларынан бери жардам берүү чакырууларын салып жаткан.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар