Палестинада жаңы бет ачылууда
Газанын текшерүүсү, Хамас менен Палестина башкаруусу тарабынан курулган Улуттук макулдашуу өкмөтүнө өтүүдө
Газанын башкаруусун колго алган Хамас Ал Фатх менен аймактын башкаруусу тууралуу келишти. Келишим боюнча Газанын текшерүүсү, Хамас менен Палестина башкаруусу тарабынан курулган Улуттук макулдашуу өкмөтүнө өтүүдө.
Египеттин борбор шаары Каирде жолугушкан Ал Фатх жана Хамастын келишим текстинде Газадагы Израиль блокадасынын жоюлушу, аймактын кайрадан курулушу жана мамлекеттик кызматкерлердин айлык маяналары да орун алды. Фатх Кыймылы Улуттук Макулдашуу Комиссиясынын төрагасы Аззам ел – Ахмед эки жактын Улуттук Макулдашуу Өкмөтүнүн алдындагы бардык кыйынчылыктарды жок кыла турган программа боюнча келишкендерин айтты. Газадагы палестиналыктар болсо келишимдин түзүлүшүнөн ыраазы. Палестиналыктар арасындагы келишимдин келерки айда Израиль менен өткөрүлө турган ок атууну токтотуу сүйлөшүүлөрү менен Газанын кайрадан курулушу үчүн өткөрүлө турган эл аралык жыйынынан мурда абдан чоң мааниге ээ экени белгиленди.