Украинада ок атпоо бычак мизинде турат...

Ок атпоодон бир күн өткөн соң Мариуполь жана Донецкте кагылышуулар башталды.

118451
 Украинада ок атпоо бычак мизинде турат...

Жума күнү кечинде күчүнө кирген ок атпоодон кийин Украинада кагылышуулар кайрадан башталды.
Порт шаар Мариуполдун чыгышында, Украина бөлүктөрүнүн коргонуу сызыктары орун алган айланадагы маалаларда күчтүү жарылуулар болду.
Шаар башкаруучулугунун ачыктоосунда кол салууларда бир текшерүүчү жайдын атылганы жана бир украин аскеринин жараланганы билдирилди.
Ок атпоодон кийин алгачкы өлүм каьары Мариуполдон келди.
Удаама-удаа замбиректердин ок атууларынан кийин бир аял каза тапты, 3 киши жаракат алды.
Кагылышуулардын башка бир адреси Донецкте аэпропортко жакын жерде күчтүү жарылуулар жана куралдардын үндөрү угулду.
Жарылуулардын Орусиячылдар аткан октон болгону белгиленди.
Май айынан бери өкмөт күчтөрүнүн текшерүүсүндөгү Донецк аэропорту Орусияны жактоочулардын тынымсыз кол салууларына дуушар болушту.
Бул учурда ок атпоо тууралуу Украинанын мамлекет башчысы Петр Порошенко жана Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрүштү...
Украинанын мамлекет башчысы Петр Порошенко ок атпоого ылайык Орусиячылдардын колундагы 1200 Украина аскерин кайтарып алгандарын, өздөрүнүн да ошондой эле сандагы орусиячылдарды кое бергендерин билдирди.
Бир тараптан Украинанын президенти Петр Порошенконун кеңешчилеринен Юрий Лыценко Украинанын Уэльстеги НАТОнун саммитинде шериктештиктин 5 мүчөсү АКШ,Франция, Италия, Польша жана Норвегия менен курал жардамы жана аскердик кеңешчи жиберилиши темасында макулдашкандарын жарыялады.
Украина учурда Карадңизде арасында Түркия жана АКШ да орун алган 5 НАТО мүчөсү менен биргелеше машыгуу өткөрө баштады.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар