НАТОнун саммити Уэльсте өткөрүлөт
Саммитте Түркияны президент Режеп Таййип Эрдоган, тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу жана улуттук коргоо министри Исмет Йылмаз да орун ала турган делегация өкүлдүк кылат.
НАТОнун саммити 4-5-сентябрда Уэльсте өткөрүлөт.
Президенттиктин интернет барагындагы жарыяда, НАТОнун мамлекет жана өкмөт башчыларынын саммити тууралуу маалыматка орун берилди.
Саммиттин 4-5-сентябрда Великобританиянын жетекчилигинде Уэльсте өтө турганы сөз кылынган жарыяда, «Саммитте өлкөбүз урматтуу президентибиздин жетекчилигинде, тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу жана улуттук коргоо министри Исмет Йылмаз да орун ала турган делегация менен өкүлдүк кылынат»,- деп айтылды.
Саммитте Ирак жана Сирия менен катар НАТОнун түштүк-чыгыш чек арасындагы коркунучтар жана Украинанын чыгышындагы ыраатсыздыктын каралышы күтүлүп жатканы билдирилди.
Тектеш кабарлар
АКШдан Украинага 2 миллиард долларлык жардам
Украинага барган Блинкен Киевди колдоо боюнча комментарий берди.
Газада каза болгондордун саны 35 миң 233кө жетти
Израилдин Газа тилкесине 222 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.