Обаманын Ирак тууралуу маалыматтандыруусу

Обама:"Маселени чечүү көп убакытты талап кылат".

85541
Обаманын Ирак тууралуу маалыматтандыруусу

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Барак Обама Ак үйдө малымат жыйын өткөрүп, АКШнын ИШИМге карата Иракта баштаткан жаңы кыймылы тууралуу акыркы маалыматтарды бөлүштү.
Обама ИШИМге жүргүзүлгөн абадан кол салууларда уюмдун Эрбил үчүн колдоно турган курал жана шаймандары жок кылынганын белгилеп, күрт күчтөрүнө берилген жардамдар көбөйтүлгөнүн айтты.
Американын президенти ИШИМге карай жүргүзүлүп жаткан операциалардын качан аяктай турганы жөнүндө так маалымат бербестен, мунун жумалар эмес андан да көпкө созула турганын айтты.
Обама ИШИМ террористтеринин илгерилөөсүнүн божомолдонгондон дагы ылдам болгонун белгиледи.
Аймакта Америка бөлүктөрүнүн согушчу күч болбой турганын кайталаган Обама, Ирак калкынын Американын аскерин көргүсү келбей калганын билдирди.
Ирактагы абалдын Амерканын күчтөрү тарабынан чечилбей турганына көңүл бурган Обама, Багдад башкаруучулугуна жардам бериле турганын, бирок алардын атынан бул милдетти аткара албай тургандарын айтты.
Иракта тез арада өкмөттүн түзүлүүсү чакырыгын кайталаган Обама, аймактын калыбына келиши, азчылыктардын ыраазы кылынышынын дагы көп убакыт ала турганын, Ирактын көпкө созулуучу проект болгонун белгилеп өттү.
Аймактагы гуманитардык жардамдардын улана турганын баса белгилеген Обама, азык зат жана суудан турган жардам пакеттеринин тоолордо камалып калган ирактыктарга жетикирилишинин улана бере турганын баяндады.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар