Украинада эрте шайлоо

Президент Порошенко Украинанын биримдигин жактаган коалициянын келүүсүн күткөнүн айтты

77472
Украинада эрте шайлоо

Украинанын президенти Петро Порошенко мөөнөтүнөн мурда болуучу парламенттик шайлоо тууралуу иштердин баштатылганын айтты. Порошенко кечээ журналисттерге жасаган билдирүүсүндө эрте шайлоолордун мыйзамда белгиленген күндөн мурда уюштуруу үчүн керектүү мыйзамдуу түзөтүүлөрдүн киргизилгенин белгиледи. 

Порошенко  убакыттын аз экенин белгилеп,  маселе тууралуу тийиштүү партиялардын лидерлери менен бир жыйын өткөргөнүн жана бирдей пикирге барылганын белгиледи. Президент Порошенко боло турган шайлоолордун артынан жаңы Украинанын Европа интеграциясын колдогон жана Украинанын биримдигин жактаган коалициянын келүүсүн күткөнүн айтты. 

Порошенко  шайлоодон кийин саясий кризиске тоскоол болуу үчүн колунан келгенди аткарарын билдирди. Ишке кирген шайлоо мыйзамына караганда парламент шайлоолору коалициянын таркоосунан 60 күндөн кийин өткөрүлө алат. 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар