Чек арадагы кол салуу

40 киши каза таап, 60 киши жаракат алды.

72091
Чек арадагы кол салуу

Бомба жүктөлгөн унаа менен кол салуу болду.
Түркиянын чек арасына 3 чакырым аралыктагы Сириянын Идлиб шаарына караштуу Атме районунда кечээ жарылуу болду.
Бир балдар ооруканасынын жакынында бомба жүктөлгөн унаа жарылып кеминде 40 киши каза таап, 60 киши жаракат алды. Алардын арасында аялдар жана балдар да бар экендиги билдирилди.
Абалы оор болгон 10 жаралуунун жакындары тарабынан Жилвегөзү чек ара капкасынан Түркияга алынып келингени жана Хатайдагы ар кайсы ооруканаларда дарылана баштаганы белгилүү болду.
Окуя болгон аймакта көп сандаган унаанын жарактан чыкканы белгиленди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар