Шиит түркмөндөр Ирактан качышууда

Түрк Кызылайынын жардам материалдары Эрбил шаарына барды

71576
Шиит түркмөндөр Ирактан качышууда

Иракта шиит түркмөндөрдүн ИШИДдин көзөмөлүндөгү аймактардан качуусу улантылууда. Күн сайын орточо эсеп менен миң түркмөн үй – бүлөө Керкүктөн Багдатка барууда. Телаферлик шиит түркмөндөрдүн Керкүк аркылуу Багдат, Нежеф жана Кербелага качуусу улантылууда. Мусул жана Эрбилдеги лагерлерден ыраазы болбогон үй – бүлөлөр шиит аймактарына барып жатышат.
Автобус, жүк ташуучу машина жана тройлерлер менен Керкүккө барган баш калкалоочуларды көзөмөл жеринде пешмерге жана полициялар тосууда. Шаардагы шииттер бир түнгө «Хүсейние» деп аталган ыбадат жеринде коноктогондон кийин үй – бүлөлөрдү автобустар менен Багдатка жиберишүүдө. Жолго чыккан үй – бүлөлөр ИШИД коркунучунан улам узун жолдор менен Багдатка барып жатышат. Багдатта шиит жарандык коом уюмдары тосуп алган үй – бүлөлөрдүн кээ бирлери борбор шаарда калса, кээ бирлери да Кербела жана Нежефке барышууда. Ошол эле учурда Түрк Кызылайынын телафердик түркмөн үй – бүлөлөр үчүн жиберген 16 тройлерлик жардам материалы Ирактын Эрбил шаарына барды. Жардам материалдары майрамдын биринчи күнү лагерлерде жашап жаткан баш калкалоочуларга таркатылат. Жардамдар кургак азык – түлүк, май, туз, шекер, бөбөктөр үчүн печенье, тазалык материалдары, жууркан жана кийим - кечеден турат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар