Малайзия учагы тууралуу талаш – тартыштар күч алып баратат

Ак үй Орусияны күнөөлөп жатат

71594
Малайзия учагы тууралуу талаш – тартыштар күч алып баратат

Атып түшүрүлгөн Малайзия учагы тууралуу талаш – тартыштар барган сайын катуулашып баратат. АКШ жүргүнчү учагынын түшүрүлүүсүндө негизги кылмышкердин Орусия экенин айтты. Ак үй учактын түшүрүлүшүнөн бери эң катуу билдирүүсүн жасап Орусияны жикчилдерге ракета берүү менен күнөөлөдү.
Вашингтон башкаруусу Орусияга карата санкциялардын күчтөндүрүлүүсү тууралуу Европа Биримдиги жана Г -7 өлкөлөрү менен биргелеше иш алып барганын да билдирди. АКШнын вице – президенти Жо Байден Украинанын ырааттуулугун бузууга аракет кылган Орусиянын жоопкерчиликсиз кыймыл кылганын белгилеп бул санкциялардын кеңейтиле аларын айтты. Ошол эле учурда аймакта сөөктөрдү чыгаруу жана урандыларды иликтөө кагылышуулар менен кошо жүргүзүлүүдө. Учактын бир кара кутусунун табылганы жана иликтөгө алынары маалымдалды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар