Газада каза болгондордун саны 583кө жетти...

Израиль кол салууларын баштаткан 7-июлдан бери 25 саламаттык сактоо борборун бомбалады.

66820
Газада каза болгондордун саны 583кө жетти...

Газада кызматын улантып жаткан Саламаттык сактоо министрлигинин катчысы Ашраф аль-Кудра «Анадолу» агенттигинин кабарчысына берген маалыматында Израиль армиясынын газанын орто бөлүгүндөгү Эн-Нусайрат качкындар лагери, Дейр аль-Балах жана Хан Юнус шаарларына кол салып кеминде 4 киши каза тапканын билдирди.
Кудра Газа шаарынын батышындагы Эш-Шати качкындар лагерине жүргүзгөн кол салуусунда 60 качкындын жаракат алганын сөз кылып, «Кол салуулар башталган күндөн бери каза болгон палестиналыктардын саны 583кө жетти, 3 миң 554 киши жараланды»,-деди.
Каза болгондордун 154ү бала, 58и аял жана 28и картаң болсо, жаралуулардын 125и бала, 629у аял жана 144ү улгайгандардан турат.
Саламаттык сактоо министрлигинин көрсөткүчтөрүнө караганда Израиль кол салууларын баштаткан 7-июлдан бери 25 саламаттык сактоо борборун бомбалады. Израиль кечээ да Шухеда эл-Акса ооруканасын бомбалаган.
Бул учурда Израилдин замбирекчи бөлүктөрүнүн Шужаиййе, Эз-Зейтун жана Эт-Туффахтан баштап Газанын чыгышындагы чек ара аймактарын кайрадан бомбалай баштаганын жана аймактын түндүгүндөгү Бейт Ханын ооруканасынын жакынына 5 ракета түшкөнүн билдирилди.
Бир тараптан Израиль армиясынын Газа шаарынын түндүгүндөгү Эш-Шейх Рыдван мааласы, батышындагы Эн-Нафак көчөсү менен ортоңку бөлүгүндөгү Зехра шаарына азырынча эмне экендиги белгисиз «жаман жыттуу» газ чачканы белгиленди.
«Коргоочу сызык» деп аталган операциясын 7-июлда баштаткан Израиль армиясы 17-июлда кечинде кургактыктан чабуулга өткөн.
Израилдин абадан, кургактыктан жана деңизден кол салууларына дуушар болгон Газада күнүгө өлгөн жана жарадар болгондордун саны көбөйүүдө.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар