Газада кол салуулар улантылууда

Израиль Газада алты сааттык ок атууну токтотуудан кийин кечээ баштаган бомбалоону болгон күчү менен улантууда

131448
Газада кол салуулар улантылууда

*** Израиль Газадагы Сефа ооруканасына башкы врачтын жаралуулар көп болгондуктан оорукананы бошотууну четке какканына карабастан кол салды.
9 күндөн бери Газаны аткылап жаткан Израиль өлтүргөн палестиналыктардын саны 202 жетти. Израиль кечээ биринчи жоготууга учурады. Газа чек арасына жакын жерлерде Израиль аскерлерине тамак – аш таркаткан бир израилдик ракетанын атылуусу менен каза болду. Израилдин премьер – министри Беньямин Нетаньяху Хамастын ок атууну токтотууну четке кагуусу менен кол салууларды дагы да күчтөндүрүүдөн башка чарасынын калбаганын жактады.
Израиль армиясы Газанын түндүк жана батышында жашаган 100 миң палестиналыктын үйлөрүнөн дароо кетүүлөрүн талап кылды.
Бул аймактарга Израилдин күтүлбөгөн жерден оор бомбалоо баштай турганынан тынчсыздануулар болууда. Израиль басма сөзү да кургактык операциясы үчүн даярдыктардын аяктаганын жазды. АКШнын тышкы иштер министрлигинин катчысы Израилдин өзүн коргоо укугунун бар экенин белгилеп Газа бомбалоосуна колдоо берди. Бирок катчы : «Эч кимдин кургактыктан кыймыл кылууну каалабаганын»,- белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар