Японияда жер титирөө болду

Жер титирөөдө эч кандай чыгым болгон жок

126918
Японияда жер титирөө болду

 Япониядагы Фукусима жакындарында 6, 8 баллдык жер титирөө болду. Жасалган биринчи белгилөөлөргө караганда жер титирөө кандайдыр бир кыйроого себеп болгон жок. Жер титирөөдөн кийин кичинекей масштабда цунами белгиси берилди. Цунами толкундарынын боюнун 1 метрди ашпай турганы билдирилди.
Фукусима атомдук станциясынан кандайдыр бир маселенин болбогону белгилнди. Японияда 2011 – жылы 11 – мартта болгон 9 баллдык жер титирөө жана пайда болгон цунаминин акырында 20 миң киши каза болгон же дайынсыз жок болгон. Апааттын айынан Фукусима станциясында чыккан атомдук кризис жана радиациянын чыгуусу 100 миңге жакын кишинин үйлөрүн таштап кетүүгө мажбурлаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар