АКШ Ирак Дамаск Ислам Мамлекети уюмуна каршы кол салууга өтүүд

Демпсей Ирак коопсуздук күчтөрүнүн  борбор шаар Багдатты коргой ала турган күчүнүн бар экенин белгиледи

118068
АКШ Ирак Дамаск Ислам Мамлекети уюмуна каршы кол салууга өтүүд

АКШнын генштабынын төрагасы Мартин Демпсей Вашингтондун Ирак Дамаск Ислам Мамлекети уюмуна каршы кол салууга өтүүдөн алыс экенин айтты. Генштабдын төрагасы Демпсей Пентагондо өткөргөн маалымат жыйынында Америка армиясынын Ирактагы миссиясынын учунун ачык болуп же болбогонуна байланыштуу берилген суроого : «Эң оболу 2003 же 2006 – жылда эмеспиз. Азыркы учурдагы миссиябыз өткөн күндөрдөн башка болот. Эгерде улуттук кызыкчылыктарыбыз бизди ал жакка жетелеп, ИШИД ата мекенге коркунуч туудура турган болсо ошол жерге келишибиз мүмкүн. Бирок азырынча ал жерде эмеспиз»,- деди. Демпсей Вашингтондун бул баскычта ИШИД менен согушкан Ирак аскерлерин күчтөндүрүү үчүн көптөгөн ок – дары жана булак жиберүү керектигин ойлонбогонун белгиледи. Демпсей азыркы учурда эң зарыл болгон муктаждыктын Иракта дагы кенен бир өкмөттү негиз кылып алган саясий чечүүчү жолдун табылуусу экенин айтты. Демпсей Ирак коопсуздук күчтөрүнүн да борбор шаар Багдатты коргой ала турган күчүнүн бар экенин, бирок террордук уюм ИШИД колго алган жерлерди кайрадан алуу үчүн өз башынча чабуулга өтө турган логистикалык көлөмүнүн жок экенин баса белгиледи. Коргоо министри Чак Хейгл да азыркы учурда Иракта 200гө жакын аскердик кеңешчисинин бар экенин жана өлкөнүн түндүгүндөгү Эрбилде экинчи бир орток операция борборун ачышкандарын белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар