Сириядагы химиялык куралдар Америка кемесинде

Химиялык куралдарды жок кылуу операциясы 60 күндө бүтүрүлмөкчү.

116381
Сириядагы химиялык куралдар Америка кемесинде

Сириядагы химиялык куралдардын Италиядагы Жоя-Тауро портунда кемеден кемеге жайгаштыруу иштери аяктады.
Даниянын кемеси “Арк Футура” кечээ алып келген Сириянын биринчи даражадагы ок-дарылары орун алган 78 контейнерди Жоя-Тауро портунда 12 саат ичинде АКШнын аскердик кемеси Кеп Райга жайгаштырды.
Жүктөө бүткөн соң Америкалык кеме Жоя -Тауро портунан Жер Ортолук деңизге сүзүп жөнөдү.
Портто жайгаштыруу операциясында кызмат өтөгөн Химиялык куралдарга тыюу салуу уюмунун жооптуулары да Италия өлкөсүнүн жана жергиликтүү башкаруучулуктун бул ишке мыкты даярданганын билдирди.
Уюмдун директору Ахмет Узүмжү ,операциянын ийгиликтүү аяктаганын белгилеп,Италияга ыраазычылыгын билдирип,кызматкерлерди куттуктады.
Химиялык куралдарга тыюу салуу уюмундагы маалыматтарда Жер Ортолук деңиздин эл аралык суулары болгондугу жана жок кылуу операциялары үчүн кемеге жайгаштырылган эки гидролиз системасы, куралдарды нейтралдаштыра тургандыгы билдирилди.
Маалыматта бул операциянын 60 күндө бүтө тургандыгы айтылды.
Анда, Даниянын кемеси Арк Футурада калган экинчи даражадагы ок –дарылардын да бузулуусу үчүн Англия, Германия ,Финляндияга жөнөтүлө тургандыгы билгиленди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар