Украинада өкмөт күчтөрү менен Орусия жактоочусу жикчилдердин ара

Ок атууну токтотуу кечээ кечки сааттарда соңуна чыкты

113692
Украинада өкмөт күчтөрү менен Орусия жактоочусу жикчилдердин ара

Ок атууну токтотуунун соңуна чыгуусунан кийин сөз сүйлөгөн президент Петро Порошенок жикчилдерге каршы операциялардын кайрадан башталарын билдирди. Президент Петро Порошенко Украина жерлерин жикчилдердин колунан алышарын белгиледи. Порошенко жикчилдердин ок атууну токтотуу эрежелерин сакташпагандарын жана билдирилген тынчтык планына ээ чыгышпагандарын айтты. Ок атууну токтотуу кечээ кечки сааттарда соңуна чыгып, Украина лидери ошол эле сааттарда бири биринин артынан сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Орусиянын президенти В. Путин немис жана француз лидерлер менен телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү өткөргөн Порошенко андан кийин коопсуздук кабинетин чогултту. Коопсуздук кабинетинин мүчөлөрүнүн ок атууну токтотууну узартуунун жикчил топтордун кайрадан чогулуу жана куралдануу мүмкүнчүлүгүн бергенин белгилеп каршы чыгышты. Порошенко ок атууну токтотууну өткөн жумада да узартып, бирок 20 – июнда башталган ок атууну токтотууга карабастан 27 Украина аскеринин каза болгонун жана 69 аскердин жараланганын билдирген болчу.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар