Газада күйүүчү май кризисинин таасири

Көп жылдар бою Израилдин блокадасынын астында калган Газа тилкесиндеги чектелген ресурстар саламаттык сактоо тармагына да таасирин тийгизүүдө.

107936
Газада күйүүчү май кризисинин таасири

Газада күйүүчү май кризиси саламаттык сактоо системасына таасир тийгизүүдө.
Көп жылдар бою Израилдин блокадасынын астында калган Газза тилкесиндеги чектелген ресурстар жашоонун бардык тарабына таасир тийгизүүдө. Аларга акыркы болуп күйүүчү май кризисинин себебинен пайда болгон саламаттык сактоо системасындагы көйгөйлөр кошулду.
БУУнун Өзгөчө кырдаалдар координаторлугу кабарлагандай, күйүүчү май жетишсиздигинен улам коомдук ооруканалар жапа чегүүдө. Күнүнө 8 миң литр дизель майын колдонгон ооруканалардын резервдеги майынын өлчөмү 20 пайызга түшүп кеткендигине басым жасалды.
Анда запастардын азайышынын себебинен хирургиялык операциялар жоюлганы, тез жардам унааларынын окуя болгон жерлерге баруусунда да 50 пайыздык азайтуу жасалышына аргасыз болгондугу баса белгиленди.
Газадагы ооруканаларда дары-дармек тартыштыгынын күчөгөнүн жана бул маселенин чечилиши үчүн Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өнөкөткө айланган оорулар үчүн 1,5 миллион доллардык дары-дармек алгандыгы белгиленген билдирүүдө, бул дарылардын ооруканаларга жеткирилүүсүнүн болсо жумалап созула тургнадыгы белгиленди.
Анда Газадагы ооруканалардын эл аралык мекемелерден жардам талап кылгандыгы сөз кылынды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар