Афганстанда калк президентти шайлоо үчүн экинчи турда добуш берет

Шайлоодо жарыша турган эки талапкер Абдуллах Абдуллах жана Эшреф Гани

94597
Афганстанда калк президентти шайлоо үчүн экинчи турда добуш берет

Мамлекет башчысы Хамид Карзай орундугун бул эки талапкердин бирөөсүнө өткөрүп берет.
*** Карзай өкмөтүндө тышкы иштер министри катары кызмат кылган Абдуллах Абдуллах биринчи турда 45 пайыздык катнашта добуш алган болчу.
*** Дүйнө банкынын мурунку кызматкери болгон Эшреф Гани болсо биринчи турда шайлоочулардын 31, 6 пайызынын колдоосун алган.
Өлкөдө бийликте турган Талибандын 2001 – жылы кулашынан кийин президенттик орундугуна отурган Карзай эки мезгилден бери бул кызматты аткарып келүүдө.
Келерки 5 жыл кызмат кыла турган жаңы президенттин башта коопсуздук болуу менен коррупция жана жумушсуздук сыяктуу маселелерди чечүүсү күтүлүүдө. Афганстандагы НАТО күчүндө 32 миңи америкалык болуу менен 51 миң аскер бар.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар