Ливиянын мурдагы премьер-министри Али Зейдан уурдалып кетти
Зейдан, премьер-министр болгон 2013-жылы да «Либиянын төңкөрүшчүл операциялар биримдигине» караштуу согушкерлер тарабынан уурдалган.
789223
![Ливиянын мурдагы премьер-министри Али Зейдан уурдалып кетти](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/b0d2/b521/7974/599147c00f80b.jpg?time=1718567607)
Ливиянын мурдагы премьер-министри Али Зейдан, борбор шаар Триполидеги мейманканадан уурдалып кетти.
Куралчан кишилер тарабынан борбор шаардагы Эш-Шарк мейманаканасынан уурдалган Зейдан, белгисиз бир жерге алып барылды.
Ким экени белгисиз куралчан кишилердин кайсы уюмга таандык экендиктери жана Зейданды уурдап кетүү себептери азырынча тактала элек.
Зейдан, премьер-министр болгон 2013-жылы да «Ливиянын төңкөрүшчүл операциялар биримдигине» караштуу согушкерлер тарабынан уурдалган.