Буларды билесиздерби? - 59. 2021

Дүйнөлүк бор запасынын 73 пайызы Түркияда экенин билесиздерби?

1579540
Буларды билесиздерби? - 59. 2021

 

Дүйнөдө 4000 жылдан бери бар экендиги билинген бордун Түркияда качан табылгандыгына байланыштуу бир маалымат жок болсо да бор тууралуу эмгектердин өтмүшү 1800 – жылдарга барат.  

Бири биринен айырмаланган ондогон сектордун 400дөн ашуун тармакта колдонулган бор Түркиянын эң негизги кен байлыктарынын арасында орун алууда. Коргоо өнөр жайынан айнек өнөр жайына, керамикадан айыл чарбасына жана тазалоочу буюмдарга чейин көптөгөн тармактарда колдонулат. Ал түгүл өзөктүк реакторлордо колдонулган айрым материалдардын чийки заты бордон өндүрүлөт.

Ушул себептен бор келечектин кени деп аталат. Бордун пайдасы эсептөө менен  бүтпөйт. Өнөр жайдын көптөгөн тармактарында колдонуудан тышкары, экологиялык жактан таза болуу бордун маанисин арттырат.

Америка Кошмо Штаттарында жана Россияда бор чыгарылгандыгына карабастан, Түркия резервдери  болжол менен 400-500 жылдык дүйнөлүк запасын камсыздай алат. Бул башка эч бир мамлекетте болбогон байлык.



Тектеш кабарлар