Буларды билесиздерби?

Түркиянын эң узун дарыясынын  10 шаардан өтүп деңизге куйгандыгын билесиздерби?

2073457
Буларды билесиздерби?

Кызылырмак 1,355 километр узундугу менен Түркиянын өз чектеринин ичинде жаралып өз чектеринин ичинде деңизге куйган эң узун дарыясы. Сивас облусунун чектеринде  300 метр бийиктиктен чыгып жана Кайсери, Невшехир, Кыршехир, Кырыккале, Анкара, Чанкыры, Чорум, Синоп жана Самсун облустарынан өтүп Кара деңизге куят.

Атын суусунун түсүнөн алган Кызылырмак байыркы доордон тарта Анадолуда курулган бир топ цивилизацияны кабыл алган. Ушул себептен өрөөндүн айланасында тарыхтын ар бир мезгилине таандык аска мазарлары, чептер жана көпүрөлөр сыяктуу издерди кездештирүүгө болот.

Кызылырмак Кара деңизге куйган аймакта 56 миң гектардык дельта бар. Кызылырмак дельтасы Түркиянын эң маанилүү саздак жерлеринин бири. Көптөгөн чоң-кичине көлдөр болгон Кызылырмак дельтасы биологиялык  түрдүүлүк жагынан абдан бай. 355 өсүмдүктүн мекени болгон дельтада жашаган сейрек өсүмдүктөрдүн түрлөрү да көңүлдөрдү бурат. Райондо табылган өсүмдүктөрдүн түрлөрүнүн арасында жоголуп кетүү коркунучу алдында турган тогуз артыкчылыктуу түр бар.

Дүйнөгө белгилүү саздак жер болгон Кызылырмак дельтасындагы лагуна суу канаттуулары үчүн көл, саз, жээктеги дөбөлөр жана камыштарга жем жана уя салуу үчүн ылайыктуу шарттарды түзөт. Ушул себептен бул канаттууларды байкоочулар жана фотосүрөтчүлөр үчүн бир бейиш. Түркияда ушул күнгө чейин аныкталган 465 канаттуу түрүнүн 358и бул дельтада байкалган.

Кызылырмак экологиялык маанилүүлүгү менен бирге курулган он эки  дамба жана Түркиянын энергия өндүрүшүндө да чоң мааниге ээ.



Тектеш кабарлар