Буларды билесиздерби?

Түркиянын зер буюмдарын иштетүүдө дүйнөнүн бешинчи өлкөсү экендигин, өндүрүштө биринчи үч өлкөнүн арасында орун алганын билесиздерби?

1402861
Буларды билесиздерби?

 

Зер буюмдарын өндүрүүдө дүйнөдө үчүнчү орунду алган Түркия салттуу  жана заманбап  ыкмаларды колдонуу менен жасаган буюмдары менен айырмачылыгын ортого салууда. Зер буюм тармагында жыл сайын  400 тоннага жакын алтын жана  200 тонна күмүштүн иштетилиши менен Түркия Индия, Кытай, АКШ жана Россиянын арасында орун алган чоң беш базардын бирөөсү. Өндүрүштө болсо Индия жана Италия менен биринчи үч өлкөнүн  арасында.

Алтын зер буюмдарын өндүрүү дүкөндөрүнүн көпчүлүгү Стамбулда жайгашкан болсо, Анкара менен  Измирде да өндүрүштүн негизги бөлүгү аткарылууда.

Стамбул шаарындагы зер буюмдарын өндүрүү жана сатуу борбору болгон Капалычаршыда бир топ дизайнер шакирттик жолу менен зер буюмдарын  жасоону терең үйрөнүшүүдө. Капалычаршы  бүгүн дүйнөлүк бренд коллекцияларында орун алган дизайндары менен зер буюм дизайнерлерин шыктандырууда.  



Тектеш кабарлар