Буларды билесиздерби?

Ибин Сина

1393013
Буларды билесиздерби?

Адамзат тарыхында бир киши тарабынан жазылган чоң бир чыгарманын  улуу медицина илимпозу Ибин Синага таандык экендигин билесиздерби?

Батышта "Avicenna" деген ат менен таанылган Ибин Сина 980 – жылы азыркы күндөгү Өзбекстанда орун алган Бухара жакындарында Афшана шаарында төрөлгөн. Бухарада атасынан жана мезгилдин белгилүү илимпоздорунан атайын сабак жана билим алат. Укмуштай эске тутуусу менен зээндүүлүгү бул темада ага чоң жардам берет. 14 жашында мугалимдеринен ашып өтө баштаган. 16 жашында медицинага кайтып келет жана Кушяр аттуу бир дарыгерден билим алат. Медицина тармагында билим алып эле калбастан жаңы дарылоо жолдорун да табат. 19 жашында дарыгер болот жана бейтаптарды акысыз дарылай баштайт. 21 жашында мезгилинин эң белгилүү дарыгери болот.

Ибин Сина медицина тууралуу бир топ чыгармаларды жазган. Булардын арасында өзгөчө жүрөк  - тамыр системасы тууралуу эмгектери көңүлдөрдү бурат. Эң көлөмдүү эмгектеринин бирөөсү «Китабуш -  Шифа» башкача айтканда «Саламаттык китеби». Бул эмгек адам тарыхында бир киши тарабынан жазылган чоң чыгарма. Бул чыгарма логика, физика, геометрия, астрономия, математика, музыка жана метафизика темаларында мезгилдин бардык маалыматтарын чогулткан бир энциклопедия.



Тектеш кабарлар