Буларды билесиздерби ?

Жүрөккө by-pass кылууну токтоткон методду түрк илимпозунун тапкандыгын билесиздерби?

1356168
Буларды билесиздерби ?

 

Урматтуу окурмандар жүрөккө by-pass кылууну токтоткон методду түрк илимпозунун тапкандыгын билесиздерби?

АКШда жашаган түрк илимпоз профессор доктор Мехмет Чилингироглу группасы менен бирдикте чыгарган оптикалуу томография методу менен жүрк кан тамырларындагы кандын уюшун бейтаптын денесинде кесүү болбостон дарылоого болот. Оптикалуу томография аппараты менен тамырдын ичин кенен түрдө көрүүгө болот жана жүрөк пристубун эрте аныктай алат.

Профессор Чилингироглунун башка бир ачылышы да нанотехнология методу менен чыгарылган бир чип. Бул чип билекте негизги тамырдын үстүнө тери астынан жайгаштырылат. Ушундайча бейтаптын кандагы углероддун, кандагы шекердин жана кан басымы менен жүрөктүн күнүмдүк ритми түздөн түз уюлдук телефонго өткөрүлөт.

Профессор доктор Мехмет Чилингироглу оорулар аныкталып жана дарыланышы тууралуу бул маанилүү ачылышына карабастан ооругандан мурда ден соолукту сактоонун маанилүү экендигин баса белгилейт. Бул үчүн да эч тамеки тартпоо керектигин, fast foodдан алыс болуу, Жер Ортолук деңиз диетасын тандоо жана сөзсүз түрдө кыймыл кылып, позитивдүү ойлонуу керектигин айтат.



Тектеш кабарлар