Билим жолунда-97

«Алдыда болуу үчүн андан кийинки пикириңиз ар дайым даяр турсун».

416631
Билим жолунда-97


Бүгүн «Билим жолунда» уктуруубузду Гарвард университетинин экономика бөлүмүнүн профессору Розабет Мосс Кантердин сөздөрү менен баштадык. Биз дагы ар дайым жашоодо «Б» же «С» пландарынын болуусу керектигине жана дайыма жаңы пикирлерди ойлоп таап жаңылоочу болушубуз керектигине ишенебиз.
Эми болсо убакытты көп коротпостон сиздерди Түркиянын Эгей аймагында орун алган, адамдары меймандос келген кооз шаар Денизлиге алып барып, ал жердеги Памуккале университети менен чогуу таанышалы.
Алгач Памуккале университетине аты коюлган жаратылыштын керемети Памуккалени жакындан тааныйлы.
Памуккале-кайнар суулардын чөгүндүсүнөн пайда болгон бейиш сымал жер. Түркиянын эң таанымал табигый кооздугу. Жылына 1 жарым миллиондон ашуун жергиликтүү жана чет элдик турист Памуккалеге келип кетет. Памуккале 2700 метр узундугунда жана бийиктиги 160 метр. Жалтырак ак өңү бар Памуккале 50 чакырым алыстан көрүнүп турат.
Айрыкча Памуккаледе байыркы Иераполис шаары, тарыхый бассейн, байыркы театр, археологиялык музей булар кыдырылып көрүп чыга турган жерлер. Төбөсүндө байыркы Римден калган Иераполис аттуу ыйык шаар бар. 5-10 чакырым жанында эле байыркы Лаодакия шаары жайгашкан. Андан 5 чакырым ары жакта эл аралык термалдык борбор болгон Карахайыт бар. Жылдын ар мезгилинде негизги булагынан 58 градуста кайнап чыккан Карахайыттын өзүнө таандык минералдуу кызыл түстүү шыпалуу суусу жана термал баткагы көптөгөн ооруга дабаа.
Эми Памуккале университети менен таанышалы. Кызмат орунунда биз менен жолугушкан ректор проф. др. Хүсейин Багжы, Памуккале университетинин дүйнөлүк университет экенин сөз кылып, эл аралык деңгээлдеги иш-чараларын ийгиликтүү улантып жаткандарын баса белгиледи.
-Ушул алкакта окуучу-окутуучу жана кызматкер кыймылдуулугу, AKTS жана диломдун тиркемесинин алынуусу, 70 өлкө менен 100дөн ашуун эки тараптуу келишимдерге кол коюлганын белгиледи жана «Памуккале университети катары Эразмус менен Леонардо программалары боюнча Европа Биримдигинин 3600 университетинин арасында алдыңкы 100 орундун ичине кирдик. «Мевлана» программасы, биргелешкен изилдөө долбоорлору, чет өлкөдөн студент кабыл алуу, демилгечи университеттердин категориясында алдыңкы 50 орундун катарына кошулушубуз, кошумча кафедра жана кош кафедра ишке ашыруусу, сертификат жана билим берүү программаларындагы өсүү дүйнөлүк университет болгонубуздун көрсөткүчү.
Памуккале университети 15 факультет, 5 институт, 4 колледж, 12 кесиптик окуу жай менен медицина, инженердик, экономика илимдери, так илимдер, социалдык илимдер, көркөм өнөрчүлүк, билим берүү илимдери жана техникалык билим берүү сыяктуу бөлүмдөрдөн ар башка тармактарда Түркиянын жана дүйнөнүн муктаж болгон заманбап, илимдүү, жаратуучу, демилгечи жаштарын жетилтүүдө».
-Албетте бул университетти таануу үчүн биздин да көптөгөн сурообуз бар! Алгач социалдык мүмкүнчүлүктөрүн айтып берсеңиз.
-Памуккале университетинде студенттик кружоктор менен бирге жыл сайын 300 чакты улуттук жана эл аралык иш-чаралар уюштурулуп, ачык жана жабык аянттарда концерттер өтүп турат. Студенттерге жарым күндүк иштөө мүмкүнчүлүгү түзүлүүдө жана жыл сайын орто эсеп менен 1000 студентке тамак стипендиясы берилүүдө.
Студенттердин кызыккан тармактарына жараша сабактан тышкаркы убакыттарын пайдалануу, чогуу иш алып баруу жана социалдык, маданий жана жеке кишилик сапаттарын өнүктүрүүлөрүнө колдоо көрсөтүү максатында жалпы 112 студенттик клуб бар. Бул клубдар орто эсеп менен 17 миң мүчө студенттен турат. Клубдар конференция, семинар, көргөзмө, саякат, театр, спорттук турнирлер, концерттер жана сынактар сыяктуу иш-чараларды өткөрүүдө.
Памуккале университети ири иш-чаралар өткөрүлүүчү абдан кенен Конгресс жана маданият борборуна ээ. Бул борбор академиялык бөлүмдөрдүн иш-чаралары менен катар студенттерге карай социалдык, маданий, көркөм өнөр иш-чараларына да колдонулууда. Ушул эле максат менен спорт комплексинде орун алган залдар да колдонулса болот. Университеттин Кыныклы аймагындагы жеринде студенттер да пайдалана ала турчу спорттук жайлары бар. Студенттер бул жерлерде каалаган спорттун түрлөрү менен машыга алышат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар