Түркиянын жаңы көз карашы-24

Франциядагы иш таштоо жана көчөлөрдөгү митингдер

Түркиянын жаңы көз карашы-24

Акыркы күндөрдө теле экрандардан бензин кезегин күткөн француздарды, элди полиция менен бетме-бет келтирген митингдерди, ар кайсы жерде полиция ашкере күч колдонгон окуяларды көрүүдөбүз.  Алгач энергетика секторунда андан соң транспорт  тармагында иш таштоо  башталган Францияда эмне болуп жатат?

Окуялардын себебин түшүнүш үчүн үстүбүздөгү жылдын башына кайрылалы. Бийликтеги социалистик партия   иштен чыгарууну жеңилдеткен,  иш ээлерине жумуш убактысын көбөйткөнгө укук берип, ашыкча иштөө акыларын азайта турган,  жумушчуларды  аз акы менен  көп иштөөгө мажбурлай турган неолиберал мыйзам долбоорун  алып чыккан.

   Ал аз келгенсип  бул мыйзам долбоору  парламентте каралбай эле,  өкмөттүн   өз  токтому  менен бекигени  элди  көчөгө чыгарды. Дээрлик 2 айдан бери уланган жана жарым миллион адамды көчөгө чыгарган бул акциялардын удаа-удаа  иш таштоолор менен коштолушу өлкөнү кыйын абалга түшүрсө да, өкмөттүн  артка кайтар түрү жок. Ал эми  профсоюздар  бул мыйзам долбоору сенатка келе турган 8-июнга дейре өкмөткө кысым көрсөтө турганы боюнча маалыматтарды ар кайсы булактардан угуп жатабыз.

    Өзгөчө  Евро-2016  жакындап калганда өлкөнү бейпайга  салган иш таштоолор  бийликтеги социалисттердин   жумушчу катмардын ордуна капиталды жактап чыкканы  Европадагы солчул чөйрөлөрдүн арасына маанилүү талашты да кошо ала келди.

Жогоруда мазмунун берүүгө аракет кылган окуя, биздеги жолсуз Гези окуяларынын 3 жылдыгынын себебинен Түркия менен Франциянын салыштырмалуу анализин жасоого мажбурлайт. Жумушсуздук көбөйгөн, лидеринин даңазасы 14 пайызга төмөндөгөн, күйүүчү майдын нормасы  ар бир унаага 20 литрге чейин түшүрүлгөн, олуттуу  кыйынчылыктар болуп жаткан бул  өлкөдөгү тынчсызданууну түшүнүп,  француз жумушчулары менен эмпатия куруп,  аларга жакындан  мамиле түзө алабыз.

Анда жумалап созулган, вандализмге чейин барган кыйратуучу митингдер менен чайпалган, батыш медиасы жана арасындагы жергиликтүү уландылары тарабынан үгүттөлгөн,туруп-туруп эле өлкөбүздү кыйынчылыкка түшүргөн Гези окуяларынын так себеби чындап эле бар бекен ?

2013-жылы май айындагы  экономикалык баалуулуктарды  эстеп көрөлү.  Доллардын 1,76 лира жана пайыздардын аралыгы 4-5 болгон, иш аянтында жумушчу жана кызматкерлердин жеке  укуктары реформаланган, дүйнөдөгү кризис учурунда тынымсыз өсүү рекорддоруна жетишкен, жумушсуздукту бир орундуу санга түшүргөн,  террорду соңуна чыгарыш үчүн демократиялык чечим табуу долбоорун ишке ашырууга аркет кылган Түркия менен мамлекет түшүнүгү тебеленген Франциядагы  окуяларды кантип салыштыра  алабыз?

«Маселе терек эмес, дагы эле түшүнгөн жоксуңбу?» деген ураан менен чыккан  батыштын чыныгы максаты - өлкө тынчтыгын чайпалтуу болгон. Ал үчүн  Гезидеги жөнөкөй эле экологиялык маселени  пайдаланып кетишкен. Эстеп көрсөңүз, ал убактын вице-премьери Бүлент Арынч өкмөттүн атынан митингдин өкүлдөрүн  кабыл алган жана алардын талаптарын уккан. Көп күн бою чоң шаарларда имараттарды басып алган, мамлекеттик мүлктөргө болуп көрбөгөндөй зыян тийгизген, бир канча карапайым адамдардын жашоосунан ажыроосуна себепчи болгон, жалган экологчулардын  тизмелеген талаптары айланып барып өлкөнүн чоң көлөмдөгү инвестицияларын жана өнүгүү долбоорлорун бутага алган эле.

Гези окуясы убагында Түркияда жана Европада медианын жана социал медиа платформасынын мамилеси кандай эле? Бүгүн Францияда же кайсы бир Европа өлкөсүндө дүйнө  көрүп жаткан көчө митингдеринде  батыш медиасынын кабарды иштеп чыгуу жана жаюу формасындагы эки жүздүүлүктү көрүш үчүн медиа адиси болуунун  кереги деле жок.

Франциядагы талаптардан чыккан социологиялык каршы чыгуунун жана Франция коопсуздук күчтөрүнүн кийлигишүү формасынын кабарлаштырылышы, сандык жактан медиа органдарында орун алышы менен Гези окуяларындагы мамиле жана статистиканын арасында чоң айырмачылыктар бар.

    Googlе фирмасынын салык шылтоосу менен тинтилишинен тартып,  Гезиде коопсуздук күчтөрү ок аткан куралдар, жарылуучу заттар, таш жана өлтүрүүчү куралдарды колдонду   деген кабарды дүйнөлүк медиа бир беткей таратып  жатты. Ал эми бүгүн биздики менен асман-жердей айрымасы бар,  талаптардын натыйжасында болгон митингдерге сахна болгон Францияда полициянын ашкере күч колдонуусу сүйлөшүп алгансып көрмөксөнгө салынууда.

Табигый түрдө урматтуу президентибиз Режеп Таййип Эрдоган бул темадагы  санааркоолорун сөз кылууда. Түркия Республикасынын президенти сөз кылган санааркоо, алардын Гези козголоңундагы үгүттөөчү ролдоруна жооп кайтаруу катары каралса болот. Түркия дүйнөдөгү бардык акысыздыктарга башынан бери эле каршы чыгууда жана бул темалардагы кооптонууларын сөз кылууда.

Эң акырында өлкөбүздүн экономикасы жана социалдык түзүлүшүндө чукул сынууларга жана рецессияларга себепчи болгон Гези окуяларынын аркасындагы социологияга албетте, бийлик  кайдыгер калбашы керек. Оппозиция күчсүздүгүнүн айынан сөзүн жеткире албай, мындай  окуяларды жалгыз чыгуучу жол катары караган б.а. өзүн чарасыз сезген коомчулуктарга да албетте кучак жайылышы зарыл. Ылайыктуу талаптар орундатылышы керек. Бул биздин демократиябыздын мүмкүнчүлүктөрүнүн алкагында изоляция кылына турган бир маселе. Ал эми учурда,  көз алдыбызда болуп жаткан Франциядагы иш таштоо жагдайындагы  батыш медиасынын көз жумду позициясы  менен  Түркияда болгон кандайдыр бир коомдук окуяга ошол эле батыш медиасынын  ашкере чагымчыл позициясынын ортосундагы айырмачылык да дүйнө коомчулугуна көрүнүшү керек.

Коньядагы «Каратай»университетинин Адам жана коомдук илимдер факультетинин социология бөлүмүнүн окутуучусу, профессор Мазхар Баглынын социалдык темага арналган баамдоосун окудуңуздар.



Тектеш кабарлар