Түркиянын жаңы көз карашы-24

Германия армяндарды түшүндө көрдүбү?

Түркиянын жаңы көз карашы-24

Германия Федералдык Парламенти, 1915 жана 1916-жылдардын ортосунда Осмон императорлугунда армяндарга жана башка христиан азчылыктарга «геноцид» кылды деген долбоорун бир каршы, бир калыс жана чоң көпчүлүк кабыл добушу менен өткөрдү.

Бийлик жана оппозициядагы партиялар биргелешип чыгарган балким сейрек чечимдерден бири болсо керек бул. Өзгөчө оппозициядагы Жашылдардын тең төрагасы, түрк тектүү Жем Өздемирдин ушундай чечим чыгарылышында чоң ролу болду. Ошондой эле бул чечим чыгарылгандан кийин эң кеңири ырахмат айтуу сөзүн да ал сүйлөдү.

Албетте бул токтомдун кудум эле башка өлкөлөрдүн парламентинен чыккан буга окшошу сыяктуу кандайдыр бир баштоочулугу же санкция күчү жок. Албетте Түркия Республикасы, Осмон императорлугу доорунда авантюрист Жөн Түрктөр кылган кылмыштарга жооп бербейт жана бул үчүн жооп бере турган өлкө эмес. Анын үстүнө аты аталган жылдарда императорлуктун аскердик башкаруу баскычында немистер осмондордон дагы көп болчу. Ошондой эле ал мезгилде болгондордун Осмон империясына каршы геноцид айыбын тагууга материал болуп бере турганы жана керектүү чаралардын кылдаттык менен көрүлгөнүн айткандар да ошол эле немис аскердик кызматкерлери болчу.

Ошондо болгондорду согуштун табигый көрүнүшү катары караган немистер ушул убакка дейре бул темада эч бир талашка да кирген эмес. Эми эмне үчүн бул теманы күн тартипке алып чыгышты экен?

Чындап эле бул аймакта болгон азап кайгыларга жүрөктөрү чыдабаганы үчүнбү? Германияда дээрлик 4 миллион түрк жашап жатканда ички саясий тең салмактуулуктарга да таасир тийгизе турган кадамды эмне үчүн ташташты экен?

Ушул убакка дейре абдан жакшы болуп келген карым-катнаштар эмне үчүн дароо эле мындан жүз бир жыл мурда болгон опурталдуу тема менен токтотулат же бузулат? Мен бул темадагы токтомдун артында эки максаттын жатканын ойлоодомун. Булардан бирөө эми өсүмдүктөй жашоого өткөн Түркиядагы ички саясий оппозицияга дем берүү жана албетте Түркиянын белгилеп алган 2023-жыл көз карашына бөгөт коюп, дүйнөдөгү алдыңкы 10 экономиканын арасына кирүү аракетине блок коюу болуп эсептелет.

Экинчиси да аймактык кыймылдарды мындан мурда кылгандары сыяктуу өз кызыкчылыктары үчүн пайдалануу жана өздөрү каалагандай формаландыруу. Сызгыч менен чийилген чек аралардан жетиштүү жыйынтык алынбаганы үчүн дагы майда маселелер аркылуу Түркияны күчтөн тайдырууга аракет кылынууда.

Коньядагы «Каратай»университетинин Адам жана коомдук илимдер факультетинин социология бөлүмүнүн окутуучусу, профессор Мазхар Баглынын социалдык темага арналган баамдоосун окудуңуздар.



Тектеш кабарлар