Билим жолунда-96

Европада ыктыярдуу кызмат-2

415486
Билим жолунда-96


Урматтуу окурмандар бул жумадагы программабызда сиздерден келген суроолорго жооп берүүгө аракет кылабыз.
Оболу Европада ыктыярдуу кызмат долбоору жөнүндө дагы бир жолу маалымат бере кетели. «Кандайдыр бир бейөкмөт уюм жана жергиликтүү коомчулук үчүн социалдык долбоорлордо иш алып баруу. Эң маанилүүсү өз ыктыярыңыз менен эмгектенип жатканда жасаган ишиңиз үчүн айлык акы сыяктуу каражаттарды албайсыз. Ал эми тамак-аш, баш калкалоо, тил үйрөнүү, жергиликтүү транспорт, социалдык камсыздоо жана жеке кам көрүү үчүн аз суммада акча төлөнөт».
Эми «Европада ыктыярдуу кызмат» үчүн Венгрия менен Грузиядан Түркияга келген эки ыктярдуунун Түркиядагы эстен кеткис күндөрү тууралуу сөз кылалы.
-Орто мектептин бүтүрүүчүсүмүн, «Европада ыктыярдуу кызмат» үчүн Түркияга барсам болобу?
-Ооба. «Европада ыктыярдуу кызмат» үчүн бир гана шарт бар. Ага 17 жаштан 30 жашка чейинкилер кайрыла алат. Билим алуу же экономикалык абалыңыз «Европада ыктыярдуу кызмат» үчүн тоскоолдук эч кандай болбойт.
-Мүмкүнчүлүгү чектелген жаштар үчүн программаңыз барбы? 1 жыл чет өлкөдө жашоо мен үчүн мүмкүн эмес. Дагы кыска мөөнөттүү программаңыз барбы?
-Мүмкүнчүлүгү чектелген жаштар 14-59 күндүк кыска мөөнөттүү Европада ыктыярдуу кызматтан пайдалана алышат. Алар жалгыз бара албагыдай абалда болсо коштоочусунун да муктаждыктары камсыздалат.

-Европада ыктыярдуу кызмат учурунда канча каражат берилет?
-Чөнтөк каражаты өлкөлөрдүн экономикалык абалына жараша белгиленет. Мисалы Түркияга келген ыктыярдуучуларга башкача айтканда, Германияга же Финляндияга барган ыктыярдууларга берилген чөнтөк акчасынын айырмасы бар.
-Европада ыктыярдуу кызмат учурунда кайда жашайм?
-Европада ыктыярдуу кызмат учурунда кандайдыр бир стандарттуу түнөк жай түрү жок. Б.а бир үй-бүлө менен чогуу жашай ала турганыңыз сыяктуу жатаканада же ал мекемедеги башка ыктыярдуулар менен бирге үйдө да жашай аласыз. Түнөк жайдын түрү жетекчи мекемеге жараша өзгөрөт.
Эми Европада ыктыярдуу кызмат үчүн Түркияга келген Анна жана Шорена менен болгон маектешүүгө кезек келди.
-Анна айым айтыңызчы Венгриядан Европада ыктыярдуу кызмат үчүн эмне үчүн Түркияга келдиңиз?
-Биринчи жолу 15 жашымда курбуларым менен Анталияга келгем жана Түркияны аябай жактырдым. Андан соң Мерсин, Анкара, Кападокия жана Стамбулга бардым. Түрк тилин үйрөнүп жана түрк тилинде сүйлөшкүм келди. Ошондуктан түркология бөлүмүнө бардым. Ошентип бул олкого 6 жолу келдим.
-Европада ыктыярдуу кызмат программасы аркылуу барганда ал өлкөнүн тилин акысыз үйрөнөсүз, бирок сиз келээрден мурда эле түрк тилин билчү экенсиз. Анда венгер менен түрк тилдеринин ортосундагы окшоштуктарды эске алсак, түрк тилин үйрөнүү сиз үчүн жеңил болдубу?
-Ооба бул окшоштуктун салымы болду десем жаңылышпаймын. Мисал үчүн «Чөнтөгүмдө кичинекей алма бар» деген сүйлөм венгерче менен түркчөдө дээрлик окшош.
-Шорена айым сиздин Түркиядагы баяныңыз Аннаныкынан бираз башкача окшойт?
-Түркияга 5 ай мурда келгенде, түркчө билбейт элем. Көбүнчө Анкарада болдум, анан бир ирет Измирге бардым. Бирок бул жер мага аябай жакты. Дагы 1 ай Анкарада боломун андан соң Тбилисиде түркология бөлүмүндө билим алууну каалап жатам.
-Анна айым сиз Түркиянын көпчүлүк жерин кыдырыпсыз Стамбул менен Кападокияга бардыңызбы?
-Ооба барып келдим. Негизи Туркияга келген конокторго Кападокияны кыдырууну сунуштайт элем, өтө кооз жер. Кошумчалай кетсем, Стамбулда 4 ай Эразмус программасы аркылуу Стамбул университетинин укук факультетин окудум.
-Стамбул кооз шаар бекен?
Ооба, өзгөчө тарыхый шаар болгону, кыдырыла турчу жерлеринин көп болгону жакты. Стамбулга ар башка студенттик атайын программа аркылуу келген студенттер өзүнчө көрк кошуп турат экен.
-Анна айым кандай долбоордо иш алып барасыз, эмне иш кылып жатасыз?
-Англис тилинен түркчөгө котормо кылам. Андан башка фестивалдарыбыз болуп турат. Буларды өткөрүү үчүн кеңсебизде иш жүргүзөбүз.
- Шорена айым сиз дагы фестивалдарга даярдык иштеринде кызмат кыласызбы?
-«Муундардын жолугушуусу» фестивалында карылар менен балдарды жолугуштуруп, алар менен 4 башка жерде иш алып барабыз. Эки муундун өкүлдөрүн жолугуштуруп, бири-бири менен тажрыйба алмашуусуна шарт түзүп жатабыз.
-Мындан мурда эл аралык ыктыярдуулар менен таанышпагандар сизге кандай мамиле жасап жатышат өзгөчө карылар?
-Өтө кызыгышат. Бираз таң калып, көп суроо беришет бирок аябай жардамчы болушту, эч адашкан жокмун. Түрктөр меймандос келет да.
-Анна айым түрк тамактары жактыбы?
-Каттаманын түрлөрү, кебаб, өзгөчө Искендер деген тамагы, бал муздактуу баклава таттуусу мага аябай жакты. Дагы көптөгөн тамактар бар.
-Шорена айым сизге кайсы тамактар жакты?
-Таттуулар жана чигкөфтени аябай жакшы көрөм.
-Сиздин оюңузча жаштар эмне үчүн Европада ыктыярдуу кызмат кылышы керек?
-Чет өлкөгө барып жана албетте башка тил үйрөнүү үчүн чоң мүмкүнчүлүк да.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар