Билим жолунда-83

Думлупынар университети-2

333103
Билим жолунда-83

“Жашоодо так чечим кабыл алуу деген нерсе жок. Жалгыз гана дароо ишке ашырган жана такыр ишке ашырбаган адамдар бар.”
“Билим жолунда” уктуруубузду бүгүн жазуучу Андрэ Мауроистин цитатасы менен баштадык. Биз дагы убактыбыздын абдан баалуу болгондугунан кабардарбыз, ошондуктан дароо ишке киришип өзүбүз үчүн эң жакшы келечекти курууга түрткү боло турган Түркиянын алдыңкы жогорку окуу жайлары менен тааныштыра бермекчибиз.
Өткөн жума сиздерди искусство сүйүүчүлөрүнүн шаары Күтахияга алып барып, биргеликте Думлупынар университетине баш бакканбыз.
Бул жума да Думлупынар университетинин ректору профессор доктор Ремзи Гөрен менен болгон маегибизди улантмакчыбыз.
Чет элдик студенттер Күтахияга эмне үчүн келиш керек?
“Күтахия: Стамбул, Анкара, Измир, Анталья сыяктуу маанилүү шаарларга жакындыгы жана байланышы жагынан эң сонун шаарлардын бири. Бул шаарларга орточо 4 саатта жетсе болот. Аба жолдору менен Стамбулга 45 мүнөт, бат жүрүүчү поезд менен Анкарага 3 саат.
Жетүүгө оңой болгон шаар. Кара жол, поезд жана Күтахия жеңиш аэропортунда самолет менен жетүүгө болот.
Күтахия эски шаар. Бул шаар Фриг Вадиси аттуу табигый сулуулукту камтыйт жана ошондой эле жашыл талаалары жана токойлору менен көздүн жоосун алат. Йонжалы, Ылыжа, Эйнал жана башка кооз аймактары да бар.
Күтахия өтө тынч шаар. Бул шаардын университеттеринде көптөгөн чет өлкөлүктөр окугандыктан, эл аралык студенттердин шаары десек да болот. Күтахиянын эли жана бейөкмөт уюмдары студенттерди конок катары кабыл алып, аларга жардамын берип турат.
Чет элдик студенттер Думлупынар университетине эмне үчүн келишет өз оюуңүздү айта кетсеңиз?
Биринчиден биздин университет Түркиядагы эң мыкты 10 университеттердин катарына кирет. Билим сапаты жогору, бардык физикалык жана лабораториялык инфраструктурага ээ жана сапаттуу билим бере алган окуу жай. Университетибизде чет өлкөлүк студенттерге тил үйрөнүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. Алар ТӨМЕРдин ( Түркчө уйрөнүү борбору) жардамы менен түрк тилин үйрөнө алышат. Думлупынар Университети, Европа Жогорку Билим берүү тармагын түзүү үчүн багыталган Болондук процесске өткөн. Европа аймагындагы “Жогорку Билим тууралуу документтерди таанытууга арналган келишим” жарыялагандыктан, UNESCO-CEPES, Европа Коммисиясы жана Европа Кызматташтык кеңеши тарабынан иштелип чыккан дипломдук тиркеме тууралуу келишимге кол койгон өлкөлөрдүн жогорку окуу жайлары колдонушу керек.
Диплом тиркемеси Европадагы жогорку окуу жайларындагы дипломдор жана даражаларга ылайык бардык адамдар үчүн тушунүктүү маалымат берүү үчүн тузүлгөн калып десек да болот. Аталган дипломго тиркеме маалыматы эл аралык максатты көздөйт.
Чет өлкөлүк диплом жана даражаларды таанытууда уюмдарга көмөк көрсөтөт.
Мунун натыйжасында студенттерибиз келишим түзулгөн өлкөлөрдө да дипломдорго ээ боло алышат.

Сөзүбүздүн акырында ректордон эл аралык студенттикке талапкер досторубузду чакырып кетүүсүн өтүнөбүз.

“Университетибизде дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнөн келген студенттер бар. Алардын бардыгы Күтахия шаарында жана университетибизде окуганына абдан ыраазы экендигин билдиришти. Ректорат катары ар кайсы өлкөдөн келген студенттерибизди, өлкөбүздүн элчиси катары кабыл алып, аларга колдоо көрсөтүп турабыз.
Университетибиз эң алдыңкы окутуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Кубаттуу маалымат технологиялары менен жабдылган заманбап университет.
Думлупынар университети, Түркиянын эң алдыңкы бир нече университеттеринин катарына кирет. Лабораториялык жабдууга жана аппараттарга ээ . Алдыңкы технологиялар борборун (АТБ) жана бай китепканасын колдонуу менен студенттер сапаттуу билим ала алышат. Келишимге кол коюлган бир нече өлкөдө, өзгөчө Европа Бирлиги өлкөлөрүндө жарактуу дипломго ээ боло алышат. Эки тилди эне тили катары өздөштүрө алышат. Булар менен кошо тарыхый, маданий жана табияты кооз шаарда, жашоомдогу эң мыкты күндөрдү өткөрдүм деп айта ала турган университет.
Жаш, ошол эле учурда өзүн абдан өнүктүргөн жана татыктуу билим алууну каалаган студенттерди көпчүлүктү таң калтырган Думлупынар университетине чакырабыз”.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар