Билим жолунда-77

Газиосманпаша университети-2

320365
Билим жолунда-77


«Миңдеген километрдик жол тартуу болсо деле бир кадам менен башталат»
«Билим жолунда» программабызды бүгүн Кытай аңгемелерине караганда б.з.ч 6-кылымда жашап кеткен атактуу философ Лао-Цзынын сөздөрү менен баштадык. Айрым булактардан алынган маалыматтарга караганда анын чыныгы ысымы Ли Тан же Лао Тан деп аталат. Лао-Цзы ага коюлган каймана ат жана «Картаң аалым» дегенди туюнтат. Биз да ушул Картаң аалымдын сөздөрүнө кулак салып жана эл аралык билим берүүгө карай алгачкы кадамды туура таштоо үчүн сиздерге маалыматтан берүүнү улантабыз. Өткөн жумада сиздерди 5000 жылдык тарыхы жана кооз жаратылышы менен туристтердин кызыгуусун тарткан Токат шаарына алып барганбыз. Андан соң бул шаардын бардык конокторго кучак жайган мамлекеттик университети менен тааныша баштаганбыз.
Бүгүн да Газиосманпаша университетинин ректору проф. др. Мустафа Шахин менен болгон маектешүүнү токтогон жерден улантабыз:
Айтыңызчы Мустафа Шахин мырза, Газиосманпаша университети чет элдик студенттерге кандай мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүүдө?
«Чет элдик студенттерге каттоо учурунда коопсуздук, жатакана сыяктуу темаларда түркчө үйрөтүү борбору ТӨМЕР окутуучулары тарабынан жол көрсөтүлүүдө. Университетибизде ар бир академиялык жылдын биринчи жумасында студенттерге таанытуу программалары даярдалып жана университетибиздин бөлүмдөрү менен мүмкүнчүлүктөрү таанытылып турат. Белгилүү сандагы чет элдик студенттерге да акысыз тамак-аш жана транспорт мүмкүнчүлүгү түзүлүүдө.
Каалаган чет элдик студенттердин бардыгына каалоого жараша Түркчө даярдык класстарында 24 саат акысыз түрк тили үйрөтүлөт.
Университетибизде эл аралык стандарттарга ылайык Европа тилдеринин орток текст планына ылайык А1, А2, Б1, Б2 жана С1 деңгээлинде түрк тили сабагы берилүүдө.
Чет элдик студенттердин түрк окуучулары менен байланышуусун камсыздаган, сабактан тышкары социалдык, маданий, көркөм өнөр иш-чараларын аткара ала тургандай көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берген Эл аралык студенттер кружогу иш алпарууда. Чет элдик студенттердин үйрөнгөндөрүн көрсөтүү, университетте жана шаарыбызда өзгөчөлүк жаратуу үчүн жыл сайын медиага ачык иш-чарлар уюштурулуп турат.
Түркия билим берүү темасында ыңгайлуу борбор болуу жолунда ылдам илгерилеп баратат. Университеттердин саны жана билим берүү сапатынын артуусу менен бирге түрк университтери эл аралык тармакта барган сайын таанымал боло баштады. Түркиянын ар улуттагы жана маданияттагы адамдарга кучак жаюусу, чет өлкөлүктөрдүн Түркияны тандоосунда маанилүү себеп болуп эсептелет. Түркиядагы университеттер ылдам жаңыланып жана өнүгүп жаткан ушул мезгилде Газиосманпаша университети да академиялык кызмат жагынан алдыңкы университтердин бири.
Айтыңызчы чет элдик студенттер эмне үчүн Токатты тандап алууда деп ойлойсуз?
«Токат шаары цивилизациялардын борбору болгон Анадолуда жаратылыш байлыктары менен геостратегиялык абалынан улам бейликтердин, мамлекеттердин жана империялардын жашоосуна күбө болгон. Борбордук Карадеңиз тоолорунан түштүккө, Анадолунун ичкерисине карай тизмектелген жайлоолору, өрөөндөрү жана бакчаларындагы агын суулары менен дүйнөдөгү теңдеши жок саналуу жерлерден. Ушул бейиш сымал областыбыздагы жандуу жана бай тарыхтын издерин учурда да көрүүгө болот. Токат чет элдик студенттер үчүн өтө ыңгайлуу шаар. Транспорт, жатакана жана тамак-аш темасында бардык шарттар бар.
Токат тынч жана студенттердин бюджетине ылайыктуу шаар болгондуктан чет элдик студенттер тарабынан тандалган шаарлардын арасында орун алууда».
Чет элдик студенттер эмне үчүн Газиосманпаша университетин тандашууда?
«Биздин максаттарыбыздын бири да эл аралык студенттерди тартуу. Б.а университетибизде бакалавриат жана магистратура билимин алып жаткан чет элдик студенттердин санын көбөйтүү. Биздин дүйнөнүн төрт тарабынан келген студенттерге тартуулай турчу жакшы маданиятыбыз, артыкчылыктарыбыз бар.
Чет элдик студенттерден да үйрөнө турчу өтө маанилүү баалуулуктар жана салттар бар. Маданият-ар ким чогуу чогулткан, өнүктүргөн жана курган фактор болуп саналат»
Урматтуу Мустафа Шахин мырза чет элдик студенттерге кандай чакырык айтаар элеңиз?
«Жашоолорунун мындан кийинки баскычына туура кадамдар менен илгерилегиси келген чет элдик студенттерди Анадолунун бул кооз аймагына, тынч, коопсуз шаар болгон Токатка жана Газиосманпаша университетине күтөбүз».


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар