Билим жолунда-62

Түркия үнү радиосу

397031
Билим жолунда-62


«Билим жолунда» программабыз назарыңыздарда. Жашоодо оң же терс окуялар бир учурда болушу мүмкүн. Биз терс жагдайларга кадалып калгандын ордуна дагы көп аракеттенип маселеге чечүүчү жол издеп, күн сайын башка нерселерди үйрөнүп дагы жакшы келечекке жетээрибизди билебиз.
Түркияда да жаздын келиши менен бирге Түркия үнү радиосунда өзүнчө толкундануу жараткан иш-чаралар жүрүп жатат. Бул иш-чаранын аты «Бир дүйнө кат» деп аталат.
«Түркия үнү» радиосу эл аралык билим берүүгө жана эл аралык достукка өз салымын кошуусун улантууда. Бөлүшүлгөндөр албетте бир жактуу эмес. Aрдактуу угармандар Сиз да көптөгөн жылдардан бери бизге жөнөтүп келген «Бир дүйнө кат» менен сөздөрүбүздүн кайда жаңырганын бизге көрсөтүп жатасыздар жана бизди толкундантып иштөө эрктүүлүгүбүздү арттыруудасыздар.
Көптөгөн жылдар бою урматтуу угармандардан келген каттар, открытка жана фотосүрөттөр чоң китепте чогулду жана «Бир дүйнө кат» деп аталды. Эми ушул китептин биринчи бетин ачабыз жана ТРТнын Чет өлкөгө берүүлөр департаментинин жетекчиси Сулейман Эрдалдын сөздөрүнөн кыскача сөз кылып бул жүздөгөн ой-толгоону камтыган өтө баалуу китепти барактай баштайлы:
«Көптөгөн жылдардан бери бир кыялыбыз бар эле. Радио менен каттын ортосунда көпүрө курган китепти жарыкка чыгаруу... Бул кыялдын ишке ашканына кубанып жатабыз. Уктурууларын 1937-жылы кыска толкун менен Анкара радиосу деп баштаган, 1936-жылы Түркиянын үнү радиосу деп аталган радиобуздун негизги максаты Түркияны жана түрк маданиятын дүйнөгө таанытуу болуп саналат.
Түрк тили менен бирге 37 тилде эфирге чыккан 5 материкте угармандары бар Түркия үнү радиосу, ар кайсы багыттарда да угармандарына жетүүдө. Түркиянын үнү радиосу чет өлкөдө жашаган жарандарыбыз үчүн Түркиядан бир үн, бир дем болуп жана мекенге болгон сагынычты жазып жатып чет элдиктер үчүн да Түркияда болуп жаткандарды, тарыхты, саясатты таанытып өз тилдеринде жарыялаган булак мүнөзүндө. Антенадан жайылган радио толкундары дүйнөдөгү аймактарга, улуттарга, тилдерге жеткен радио болуп саналат Түркиянын үнү радиосу... Ошондуктан угармандар менен курулган байланыш өтө маанилүү...»
«Бир дүйнө кат» китебин барактап жатабыз жана бизге Алжирден электрондук почта аркылуу кат жөнөткөн Ферхат Баеззазелдин катынын бир бөлүгүн сиздер менен бөлүшөбүз:
«Жүрөгүбүздүн, жаныбыздын жана рухубуздун сүйүүктүүсү радио жамааты... Сизге кат жазуу, көптөгөн жылдардан бери бизди байланыштырып келе жаткан достук жана сүйүүнүн эң туура белгиси. Сүйүүбүз бүгүн күчөп тамыры бекем орногон, жалбырыктары жана гүлдөрүнөн жагымдуу жыттар асманга буркураган, достук жана чынчылдыктан азыктанган кооз бак сыяктуу болду...»
Эми болсо Кытай Эл Республикасынан Лиу Шиухуага кулак салалы:
«Мен радиоңуздун мурдагы угарманымын. 1980-жылдарда кыска толкун радио сатып алгам. Берүүлөрүңүздөрдү күн сайын угуп турам. Түркия үнү радиосунун кытай тилиндеги берүүлөрү мага отурган жеримден Түркияны таануу мүмкүнчүлүгүн түзүүдө.
Ал эми Франциядан Мишель Миноуфлет бизге эмнелерди жазганын көрөлү:
«Урматтуу достор, бүгүн сиздерге кайрадан чоң кубаныч менен кат жазып олтурамын. Француз бөлүмүндө эмгектенген бардык достор жакшы турушса керек. Берүүлөрүңүздөрдү интернет аркылуу дагы дэле үзгүлтүксүз угуп жатам...»
Эми сиздер менен Пакистандан Азам Али Соомронун катын бөлүшөбүз:
«Түркия жөнүндө эң туура маалыматтарды билүүнүн жолу Түркия үнү радиосу. Түркия үнү радиосун угуп жатканда бир жагынан радио уктурууларынын өлкөнү таанытууда канчалык маанилүү экенине күбө болом. Түркиянын күчү арткан сайын Түркия үнү радиосунун да жоопкерчилиги артат. Анткени журналисттик өлкөнүн эң чоң үнү болуп эсептелет».
Эми кезекте Япониядан Сакае Онозаванын бизге жөнөткөн каты бар:
«Мен 49 жаштагы компютер инженеримин жана Япониянын Иокогама шаарында жашайм. Сиздердин кыска толкун уктурууңуздарды ар дайым угуп ырахаттанам...».
Эми Япониядан Колумбияга өтүп сөздү Гуиллермандо Харнандо Камардо Кюнонезге берели:
«Латын Америкада интернет чөйрөсүнө азырынча даяр эмеспиз. Ушул себептен кыска толкун берүүлөрүн гана уга алабыз. Бул абал бир аз да болсо эл аралык кыска толкун угармандарынын көнүмүшүнөн келип чыгууда. Радио уктурууларын улантып жатканыңыздар үчүн чоң рахмат айтамын».


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар