Билим жолунда-47

Харран Университети

158345
Билим жолунда-47


«Адамдын мээси тегирмендин ташына окшош. Ичине бир нерсе салып турбасаңыз, өзүн-өзү ушалап тура берет...»
Билим жолунда программабыздан бардыгыңыздарга ысык салам айтабыз.
ТРТнын Түркия үнү радиосунда сиздер менен дагы бир жолу амандашып олтурабыз.
Бүгүнкү Билим жолунда программабызды 14-кылымдын атактуу ислам ойчулу, мамлекеттик ишмер жана тарыхчы Ибн-и Халдундун сөздөрү менен баштадык. Анын сөздөрүнө таасирленүү менен «Эл аралык саякат» окуу жайы боюнча маалымат берүүнү улантабыз.
Бүгүн сиздерди Түркиянын Түштүк-Чыгышында жайгашкан, алгачкы доордон бери адамзаттын өнүгүүсүнө күбө болгон чыныгы шаарга алып барабыз.
Меймандостугу жана тамактары жагынан да атагы таанылган Шанлыурфаны чет өлкөлүк окуучуларга дагы кандай жагынан тааныта алабыз, сөзүбүздү баштайлы.
Шанлыурфа 11 миң жыл мурдагы тарыхы менен таанылган Анадолунун эң байыркы шаарларынан бири. Археологиялык булактарда «Берекелүү жарым ай» деп аталган аймакта жайгашкан Шанлыурфа, Анадолу менен Месопотомиянын бай маданияты бириккен жеринде орун алгандыктан, маданият борборлорунун эң бай бирикмеси катары таанылган.
Тарыхый Харран шаары - Шанлыурфадан 44 км түштүк-чыгышында орун алган, тарыхый маанилүү окуяларды камтыган шаар болуп саналат. Бир убакта Эмевилерге борбор шаар болгон Харрандын негизги өзгөчөлүгү Исламиаттан мурда ушул кезге чейин негизги билим берүү борбору болгон. Өз доорунун университети болуп саналган Харран окуу жайында медицина, математика, философия жана дин тармактарында маанилүү эмгектер жазылган. Харран- азыркы учурда да туристтик зона катары кызыгууну туудурат.
Эми кезекти Шанлыурфанын мактоого татыктуу жери- Харран университети тууралуу тааныштыралы.
Харран университетинин баянын университеттин ректору, профессор Ибрахим Халил Мутлу түшүндүргөнүн чогуу угалы:
« Ибрахим Халил Мутлу Ректор болуп кызматка дайындалганга чейин 2007-жылдарда Харран университетинде 3 факультет, 4 колледж, 1 мамлекеттик консерватория жана 6 илимий изилдөө борбору кийин кеңейип, мурда 8 миң чакты студент болсо, азыр 22 миңге жеткен. Окутуучулардын саны миңден ашпаса, кийин 2 миңден ашкан. Жаңы курулган «Османбей» студенттик шаарчасы инфраструктурасы жагынан оңолуп, жашаса болчудай шаарчага айланды-дейт ректор.
Университетибизде азыркы учурда 10 факультет, 5 колледж, 1 мамлекеттик консерватория, 11 кесиптик-техникум, 3 институт, 12 илимий -изилдөө борбору иштеп, 22 миңге жакын окуучусу менен окутуу иш-аракети жүргүзүлүүдө. Университетибиз илимий-изилдөө, өнүктүрүү тармагында ар кандай тармактардагы проекттер боюнча 100 пайыз өсүүгө ээ болушту. Чыккан эмгектеринин тизмелери боюнча ошондой эле убакта курулган бир топ университеттерди артта калтырды. Айрыкча мекеме жана уюмдар менен, дүйнөнүн алдыңкы университеттери менен кызматташуусун арттырып, 2011-2012-окуу жылдар аралыгынан баштап чет өлкөлүк окуучуларды кабыл ала баштаган. Чет өлкөлүк студенттер менен пикир алмашуу программасына басым жасап, глобалдашкан ааламда өзүнүн ордун табыш үчүн ишенимдүү кадамдар менен алга баруудабыз».

Урматтуу ректорго сиздин оюңузча чет өлкөлүк окуучулар эмне үчүн Шанлыурфадагы Харран университетинде окууну тандашат,-деген суроо бердик:
«Адамзаттын тарыхында - тарыхтын башталган жери, цивилизациялар аймагы, пайгамбарлар жергеси, байыркы шаар-Урфа аталат. Жер жүзүндөгү Адам баласы эң алгачкылардан болуп ибадат кылган жер. Тарыхтын маалыматтары кайрадан жазылган жери. 11 миң жыл мурда маалымат чогултуучулар сыйынуучу жерди Урфага жакын дөбө жерге «Гөбекли-Тепеге» курушкан. Адамзат алгачкы ирет отурукташкан жашоого өтүп, буудай жана арпа эгүүнү баштаган. Адамзаттын жашоо турмушу оңоло баштады. Урфа шаары көптөгөн жакшы өзгөрүүлөргө күбө болду. Адам баласы ушул жерде отурукташкан тартипке өтүп, алгачкы шаар бул жерде курулду. Жазуу да бул жерде башталып, алгачкы конституция да ушул жерде жазылды. Дүйнөнүн алгачкы университети Харран дал ушул жерде курулду. Илимдин нуру адам баласына алгачкы ирет ушул жерде чачылып, гүлдөй баштады. Келечекке багыт берген Аль-Баттани Жабир бин Хаййан, Ибн-и Теммийе-сабит бин курра сыяктуу илимпоздор ушул жерде жетилди».
«Арадан канча деген кылымдар өтүп бул байыркы цивилизация оту 1992-жылы эч өчпөй тургандай кайрадан жагылды. 1992-жылы курулгандан тартып «илимдүү, билимдүү адистерди чыгаруу» максатында Харран Университети билим берүү, илимий -изилдөө, анализдеп өнүктүү жана өсүү жолдору негизги принциптер катары азыркы кезге чейин окутулуп келинет. Илимге суусаган аймакка заманбап цивилизациянын нурун кайрадан чагылдыруу үчүн миң жылдык уйкусунан ойгонгон Харран университети, арадан өткөн 22 жылда жалгыз эле Урфаны эмес, баардык аймакты кучагына алган илим уясына айланды».


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар