Билим жолунда-40

141003
Билим жолунда-40

«Ар бир ийгиликсиздикти жеңүү үчүн альтернативалык жол картасы бар. Жалгыз гана ошону табыш керек. Баргыңыз келген жол жабык болсо, айланып өтүңүз».
ТРТнын Түркия үнү радиосундагы «Билим жолунда» программасынан амандашып олтурабыз. Бүгүнкү программабызды америкалык ишкер айым Мэри Кэй Эштин сөздөрү менен баштадык. Биз дагы глобалдык билим алуу саякатында өзүбүз үчүн эң туурасын табууга аракет кылып жатканда ийгиликсиз болууну эч качан каалабайбыз жана ар дайым альтернативалык жолдорду издейбиз.
Бүгүн сиздерди Түркиянын башка бир шаарына, жашыл жана көк түс жалгашкан Ризеге алып барабыз!
Байыркы доордогу жазма булактарда ысымы Ризеон деп аталган жана «тоо этеги» түшүнгүн берген Ризе, Кара деңиз аймагынын Чыгыш Кара деңиз бөлүгүндө орун алган шаар. Бир порт шаар катары, б.з.ч. 700-жылдардан бери маанилүү отурукташуу жери болуу өзгөчөлүгүн сактап келген.
Аймактын адамдары тарабынан чайдын жана жамгырдын борбор шаары катары аныкталган-Ризе, ар башка климаттуу, ар бир мезгилде жаратылыш байлыктары менен көздүн жоосун алган Кара деңиздин эң көп жамгыр жааган жагымдуу шаары. Ризе тик беттүү коктулары, чокусуна чыкса боло турган тоолору, муздуу көлдөрү, зүмрүттөй жашыл жайлоолору, тарыхый кемер көпүрөлөрү жана чептери, гүрүлдөп аккан дарыялары менен абдан кооз туристтик аймак. Бул област айрыкча кано, рафтинг, жар парашюту, альпинизм, лыжа, треккинг сыяктуу бир топ алектенүү үчүн да ылайыктуу жаратылышка ээ. Коңшулаш өлкөлөргө болгон жакындыгынын себебинен маданият мозаикасынын эң сонун үлгүлөрүн Ризеде көрүүгө болот.
Эми кезек Ризенин атын абдан көп угузган «Режеп Таййип Эрдоган» атындагы университетти таанууга келип жетти. Ар дайым болгону сыяктуу эң туура маалыматтарды ала турган жерге б.а. ректорлукка барабыз. Эң оболу урматтуу ректор, профессор Хүсейин Карамандан бул университетти бизге кыскача таанытышын сурандык:
«Режеп Таййип Эрдоган» атындагы университет мамлекеттик университет болуп саналат. 2006-жылы 17-мартта Ризе деген ат менен курулган университетибиз, 2012-жылы 11-апрелде «Режеп Таййип Эрдоган» атындагы университет болуп өзгөртүлдү. Областыбыздын кичине жана кооз болушунун мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдаланып Ризенин ичинде шаарча курдук. Шаар менен бириккен университетибиздин борбордук шаарчасы шаар борборундагы Зихни Дерин шаарчасы болуп саналат. Ал эми райондор менен кошкондо 14 башка жерде студенттик шаарчабыз бар. Дүйнөлүк университет болуунун аң-сезими менен кыймыл кылган «Режеп Таййип Эрдоган» атындагы университети достук көпүрөлөрүн окуучу алмашуу программалары менен да чыңдап жатат».
Урматтуу ректордон биз үчүн абдан маанилүү болгон стипендиялары жана жатакана мүмкүнчүлүктөрүн сурабастан катпайлы:
«Өлкөбүздүн ал эмес дүйнөнүн төрт тарабынан келген окуучуларыбыздын университетибизде өздөрүн үй-бүлө жылуулугунда сезүүлөрү үчүн «Режеп Таййип Эрдоган» атындагы университет катары биз колубуздан келген аракетти жумшайбыз. Окуучуларыбыздын билим алуу убагында кандайдыр бир кыйынчылык тартпастан жогорку окуу жайларын ийгиликтүү аяктоолору үчүн танспорт, баш калкалоо, саламаттык сактоо, стипендия, социалдык жана маданий иш-чаралар ж.б.у.с. бардык муктаждыктарын камсыздоого аракет кылуудабыз. Окуучуларыбыздын баш калкалоо муктаждыгын камсыздоо максатында Окуу жайларды жаткана менен камсыздоо башкармалыгы тарабынан иштетилген жатакналардан тышкары көп сандаган жеке менчик жатаканаларыбыз да бар. Окуучуларыбыздын билим алуусун колдоого алуу максатында ийгилик, колдоо жана муктаждык стипендияларын берүүдөбүз. Айрыкча университетибиздин Өнүктүрүү фонду да, университетке кирүү сынагында жогорку көрсөткүчтө ээ болуп университетибизди тандаган окуучуларга да 1000 түрк лирасынан 1500 түрк лирасына чейин ийгилик стипендиясын берет».
Ректорубуздан бизди Ризедеги жашоо чыгымы темасында да маалыматтандыруусун сурандык:
«Ризеде жеке кишинин жашоо стандарттарына жараша жашоо чыгымы ар башка. Бирок бул жерде билим алууну ойлогон окуучуларыбыз үчүн жеңил желпи айта аламын; Ризе окуучулардын капчыгын каңтарбай турган арзан шаар. Мисал үчүн бир окуучунун университетке жакын мебелдүү квартираны же болбосо үйдү ижарага алуусу мүмкүн. Каалаган окуучу Окуу жайларды жатакана менен камсыздоо башкармалыктын жатаканасында жашаса болот.
Жашоо чыгымдарына кезек келгенде айлык 300-600 түрк лирасындай чыгымы болот. Баш калкалоо темасында да киши башына айына 300-600 түрк лирасындай чыгым болот».


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар