Билим жолунда-34

180593
Билим жолунда-34


ТРТнын Түркия үнү радиосунда кызыгып күткөн Билим жолунда программасынын дагы бир бөлүмү башталууда.
34 тилде жарыяланган Билим жолунда программасында жума сайын сиздерге жаңы маалыматтарды берүүүнү улантабыз. Эми абдан жакшы билгениңиз сыяктуу эл аралык билим берүү кыймылдуулугун түшүндүрө баштайбыз.
Бүгүн сиздерди Түркия Республикасынын борбор шаары Анкарада орун алган Башкент университетине алып барабыз.
Анкаранын чоң шаар тополоңун жана азап тозогун артка калтыруудабыз. Башкент университетинин жайгашкан жерине унаабыз менен киргенден кийин айланасы жапжашыл болгон жолду ээрчип олтуруп жогору жактагы ректорлук имаратына жетебиз. Ректорлук имаратына киргенибизде кызматкерлер бизди ректордун бөлмөсүнө багыттады. Ректор Али Хаберал болсо абдан жөнөкөй жабдылган бөлмөсүндө бизди тосуп алды.
Чай ичип маектешип жатканда ректор мырза бизди мактоого арзырлык Башкент университетин кыдырууга чакырды.
Жылаңач дөбөлөр кол менен тигилген көчөттөр менен жашылдандырылып, токойго айландырылыптыр. Унаабыз менен кыдырган кампус абдан чоң болгондуктан маектешүү барып транспортко өттү. Ректор мырза бизге жаңы салынып жаткан велосипед жолун көрсөттү.
Биз ага ректорлук бөлмөсүнүн абдан жөнөкөй жабдылганын ойлогонубузду айттык. Ошондо ал бизди жөнөкөй болбогон жерлерге б.а. жаңы салынган китепкана имаратына алып барды. Бул көркөмдүү китепканын иштөөчү залдарынын жана китеп коллекцияларынын алдында суктанганыбызды жашыра алган жокпуз.

Башкент универистетинин ректору проф.др.Али Хабералга кайрылып, бизге Башкент университетинин баянын түшүндүрүүсүн сурандык:
«Башкент университети саламаттык сактоо тармагында курулган алгачкы фонд университети. 1993-жылы курулду. Ошондон тартып ушул күнгө дейре 11 факультет, 6 кесиптик техникум, 7 институт жана 1 мамлекеттик консерваториясы менен билим берүүдө.
Башкент универистетинин кампусуна карасак абдан кеңири аянтка жайылганын көрүүдөбүз. Эң алгач сиздерге бул кампус туурасында маалымат бере кетким келет. 3,5 миллион чарчы метрдик аянтка курулган кампусубуз бар. Абдан жашыл, 4 миллион чакты бак тигилген. Башкент университетинин кампусу Анкара шаарынын 20 чакырымдай тышында. Кампуска келип кетүүнү бекер кызматтык автобустар менен камсыздап жатабыз.
Бул кампустун ичинде билим алган окуучулардын саны 9086 киши. Ушул убакта 10 миңге жакын кызматкерлер менен билим берүү жана окутуу иш-чаралары уланып жатат.
Башкент университетинин негизги өзгөчөлүктөрүн эске алсак, өзгөчө саламаттык сактоо тармагында алдыңкы орунда турган университеттердин башында турат. Жалгыз эле Анкара эмес, Анкаранын тышында да Түркиянын 6 чоң областында 10 ооруканасы менен саламаттык сактоодо маанилүү секириктерди аткарган. Өзгөчө медицина факультети, тиш доктурлук факультети, укук факультети жана саламаттык сактоо илимдери факультетинде жетилген окуучуларыбыздын керек болсо өз мекемелерибизде, керек болсо өлкөбүздүн ар башка ооруканаларында жана өз тармактарында иштерин улантууда»
Урматтуу ректордон билим берүү тармагында, өзгөчө медицина билими тармагында абдан алдыда экендигин көрсөткөн Башкент университетине келген жолдошторду социалдык жактан эмнелер күтөт?-деген суроо узаттык:
«Башкент университетинин кампусунун ичинде 500 кишилик окуучу жатаканаларыбыз бар. Бир жана эки кишилик бөлмөлөр бар. Жатакананын ичинде ар түрдүү социалдык мүмкүнчүлүктөр бар. Кафетериялар, ашканалар, китепканлар, чач тарачтар болуп окуучуларыбызды ар түрдүү тейлөө менен камсыздоодобуз. Окуучуларыбыз өздөрү түзгөн социалдык жана илимий өңүттөгү 70тен ашуун клубубуз бар. Клубдар абдан активдүү иштеп жатат. Бул мүмкүнчүлүктөрдөн тышкары кампустагы ар башка тармктарда ошондой эле кафетериялар, окуучуларга карай спорттук комплекстер, теннис корттору, үстү жабык спорт залдар сыяктуу ар башка спорт тармактары бар».
Проф. Др. Али Хабералдан Башкент университетин башка университеттерден айырмалап турган өзгөчөлүгү эмне?-деп сурадык:
«Эмне үчүн Башкент? Башкент деген сапат дегенди берет. Курулгандан бери Башкент университети сапатка ар дайым маани берди жана курулганда да ИСО 9000 сапат документин алган алгачкы фонд университети болуп саналат. Муну менен катар 2013-жылы Нью-Йоркто башкарууга байланыштуу Алтын Сапат сыйлыгын алган университет. Медицинада аккредитация, UTEAC деп аталган мекеме тарабынан жүргүзүлгөн баа берүүдө да медицина факультетибиз алгач ирет фонд университети катары аккредитацияланган университеттердин башында турат. Инженердик факультетине карай MUDEC (мудек) деп аталган баа берүү комитети тарабынан жүргүзүлгөн иликтөөдө Индустрия жана машина инженердиги бөлүмдөрүбүз бул сертификатты алууга укуктуу болушкан. Ошондуктан Башкент университетинин эл аралык аренада да окуучуларга билим бере турган базиси жана сапаты бар».


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар