Иран басма сөзү Аясофия тууралуу жазды

Иран мамлекеттик телекөрсөтүүсү Аясофиянын ибадатка ачылышын «кылымдын негизги окуяларынын бири» деп мүнөздөдү.

1461558
Иран басма сөзү  Аясофия тууралуу жазды

 Иран мамлекеттик телекөрсөтүүсү Аясофия  - и  Кебир Жами  -  и Шерифинин 86 жылдан кийин кайрадан ибадатка ачылышын «кылымдын негизги окуяларынын бири» деп мүнөздөдү.

Иран мамлекеттик телекөрсөтүүсү ИРИБдин расмий маалымат агенттиги ИРНА жана Фарс маалымат агенттиги Ирандын негизги  медиасы Аясофия  -  и Кебир Жами  -  и Шерифинин ачылышын фотография жана видеолор менен коомчулукка жарыялады.

Иран мамлекеттик телекөрсөтүүсүнүн ачылышы тууралуу кабарында Аясофия  -  и  Кебир Жами  -  и Шерифинин музей статусунун АКШ, Франция, Египет жана Грециянын нааразычылыктарына карабастан 86 жылдан кийин Президент Р. Т. Эрдоган тарабынан кайрадан мечитке айландырылганы  белгиленди. Кабарда бул сөздөргө орун берилди : «Миңдеген мусулман 86 жылдан кийин Аясофияда биринчи намазын окуу үчүн Түркиянын бардык жерлеринен Стамбулга келди. Кылымдын эң негизги окуяларынын бири болгон Аясофиянын мечит катары кайрадан ачылуу аземине өлкө ичинен жана тышынан ондогон медиа мекемелери катышты».

Иран расмий агенттиги ИРНА болсо Аясофия  -  и Кебир Жами  -  и Шерифинин ачылышы тууралуу берген кабарында «86 жылдан кийин Аясофияда жума намазы» деген тема койду.

Аясофиянын ачылышына Президент Эрдоган жана башка мамлекеттик кызматкерлердин катышканын билдирген ИРНА ачылуу программасынын Куран Каримдин окулушу менен башталганын жазды.

Кабарда ачылуу программасынан мурда жаңы тип коронавируска каршы чаралардын көрүлгөнү белгиленип : «Аясофиядагы жума намазынан мурда мечит короосун дезинфекциялоо менен бирге гүлдөр менен кооздолду»,- деп билдирилди.

Ирандын расмий Фарс маалымат агенттиги да «Бир кылымга жакын убакыттан кийин Аясофияда  биринчи жума намазы» деген  кабарында «Сот чечими жана Түркия президентинин бекитүүсү менен мечитке айландырылган тарыхый Аясофия 86 жылдан кийин Р. Т. Эрдогандын катышуусу менен биринчи жума намазына күбө болду»,- деди.

Өлкөнүн башка бир жарым расмий маалымат агенттиктеринен Тесним болсо бул тууралуу кабарында Аясофия мечитинде алгачкы жума намазын окууну каалаган жарандардын эрте мененки сааттарда мечитке барганын жана Президент Эрдогандын мечитте Куран Карим окуганын жарыялады.



Тектеш кабарлар