Норвегия Нетаньяхуну камакка алат

Норвегиянын тышкы иштер министри Эспен Барт Эйде, Эл аралык кылмыш сотунун Нетаньяху менен Галлантка карата «камакка алуу ордери» арызына байланыштуу норвегиялык басма сөзгө комментарий берди.

2142652
Норвегия Нетаньяхуну камакка алат

Норвегия, Эл аралык кылмыш соту Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен коргоо министри Йоав Галлантты камакка алуу ордерин берсе, муну аткарат.

Норвегиянын тышкы иштер министри Эспен Барт Эйде, Эл аралык кылмыш сотунун Нетаньяху менен Галлантка карата «камакка алуу ордери» арызына байланыштуу норвегиялык басма сөзгө комментарий берди.

Эл аралык кылмыш соту камакка алуу буйругун чыгарса жана Норвегиянын аймагына кирсе Нетаньяху менен Галлантты камакка алуулары керек экенине көңүл бурган Эйде, ушундай эле процедуранын Эл аралык кылмыш сотунун камакка алуу арызын берген Палестинанын каршылык көрсөтүү кыймылы Хамас лидери үчүн да колдонула турганын айтты.

Эйде ушул эле ишке ашыруунун берки Европа өлкөлөрү үчүн да жарактуу экенин баса белгиледи.

Норвегия эгер камакка алуу ордери чыкса, Нетаньяхуну камакка аларын жарыялаган биринчи европалык өлкө болду.

20-майда Эл аралык кылмыш сотунун башкы прокурору Керим Хан, Нетаньяху менен коргоо министри Галлантка каршы “камакка алуу ордерин” сураганын жарыялаган.

Эл аралык кылмыш сотунун билдирүүсүнө караганда, Хан Израилдин премьер-министри Нетаньяху жана коргоо министри Йоав Галланттан тышкары ХАМАСтын саясий бюросунун башчысы Исмаил Хания, ХАМАСтын Газадагы лидери Яхья Синвар менен Хамастын аскерий канаты Иззеддин ал-Кассам бригадасынын лидери Мухаммед ал-Дайфты камакка алуу арызын берген.



Тектеш кабарлар