Агенттик менен айыпталган англис аскери паркта өлүү табылды

Гонконгдун чалгындоо кызматынын агенти деп айыпталган Британиянын Королдук деңиз флотунун мурдагы мүчөсү жана ички иштер министрлигинин миграция кеңсесинин кызматкери Мэтью Трикетт сейил бактан өлүү табылды.

2142742
Агенттик менен айыпталган англис аскери паркта өлүү табылды

Гонконгдун чалгындоо кызматынын агенти деп айыпталган Британиянын Королдук деңиз флотунун мурдагы мүчөсү жана ички иштер министрлигинин миграция кеңсесинин кызматкери Мэтью Трикетт сейил бактан өлүү табылды.

Белгиленгендей, борбор шаар Лондондун Майденхед шаарчасында жашаган 37 жаштагы Мэттью Трикеттин жекшемби күнү ошол эле шаарчадагы Гренфел паркында жансыз денесинин табылгандыгы белгиленди. 

Темза өрөөнүнүн аймактык полициясы Трикеттин өлүм себебин экспертизанын аныктай турганын билдирди.

Трикетт табылганда, тез жардам көрсөтүлгөн, бирок ал окуя болгон жерде каза болгон.

Ички иштер министрлигинин миграция бюросунда иштеген Трикетт 2007 - 2013 - жылдар аралыгында Британиянын Королдук деңиз флотунда алты жыл аскер болуп иштеген. Трикеттин атайын коопсуздук фирмасынын бар экендиги да билдирилди. 

Өткөн аптада Трикетт менен бирге  Чи Леунг Вай жана Чунг Биу Юен аттуу кишилер  Улуттук коопсуздук мыйзамына ылайык сотко чыгарылып, Гонконгдун чалгын кызматына жардам берген деп айыпталган.

Сотто сөз болуп жаткан адамдар 20 - декабрдан 2 - майга чейин "тышкы чалгындоо кызматына пайдалуу боло турган" маалымат чогулткан жана байкоо жүргүзүү менен айыпталган.

Шектүүлөрдүн Гонконгдун чалгын кызматынын кызыкчылыгы үчүн Британиядагы "демократияны жактаган диссиденттерди аңдыгандыгы" айтылган.

Бул кишилер тууралуу башка бир айыптоо да  1 -  майда Британиядагы бир дарекке «күч менен кирүүсү" болду.

 



Тектеш кабарлар