Европа Биримдиги Россиядан келе турган кибер чабуулга карата даярданууда

Европа Биримдиги  6 – 9 -  июнь күндөрү өткөрүлө турган шайлоого саналуу күндөр калганда Россиядан келе турган кибер чабуул коркунучуна жана жалган маалыматка каршы чараларга басым жасады.

2142724
Европа Биримдиги Россиядан келе турган кибер чабуулга карата даярданууда

Европа Биримдиги  6 – 9 -  июнь күндөрү өткөрүлө турган шайлоого саналуу күндөр калганда Россиядан келе турган кибер чабуул коркунучуна жана жалган маалыматка каршы чараларга басым жасады.

Европа Биримдиги Комиссиясынын төрага орун басары Вера Журова  Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн Европа иштери боюнча жооптуу министрлерди Бельгиянын борбор шаары Брюсселде жолугуштурган жалпы иштер кеңешинин жыйынынан кийин басма сөзгө маалымат берди.

6 – 9 -  июнда өткөрүлө турган Европа Парламентинин шайлоосуна чет элдик кийлигишүүнү алдын алуу үчүн «демократия туруна» чыкканын айткан Вера Журова мүчө 11 өлкөгө барганын жана  айрымдары менен онлайн жолугушууларды өткөргөндүгүн билдирди.

Журова : «Бардык мүчө өлкөлөрдөгү гибрит коркутууларга каршы бир топ жаңы чараларды көрүүбүз керек эле. Мүчө өлкөлөр да жаңы коркутууларга каршы чукул чара көрүү тууралуу көз карашта»,- деди.

Журова жасалма интеллекттин жардамы менен шайлоочулардын кабылдоосун бурмалоо, маалымат алуу, шпиондук жана лобби иштери менен башталган кибер чабуулдарды жасоонун мүмкүн экендигин айтып : «Чындыгында колго алуу керек болгон жаңы коркутуулар бар. Коргоосуз эмеспиз. Ылдам эскертүүчү система, жалган маалыматка каршы код, Санариптик кызматтар мыйзамы сыяктуу чараларыбыз бар. Россия Европанын маалымат мейкиндигине карата тынымсыз чабуулдарга чоң каражат жумшап жатат. Шайлоодон мурдагы акыркы  10 күндө башка кол салуулардын түрлөрүнүн көбөйгөнүн көрө аларыбызды болжолдоп жатам», - деди.  



Тектеш кабарлар