Ливияда Хафтер кол салуусу

Борбору Триполидеги Панорама ТВнин маалыматына караганда козголоңчу Хафтерге караштуу террористтер, кечээ түнү Триполинин түштүк жагындагы Тарик эш-Шук аймагына снаряд атты.

1369892
Ливияда Хафтер кол салуусу

Ливиянын чыгыш жагындагы мыйзамсыз куралдуу күчтөрдүн лидери Халифе Хафтерге караштуу террористтер тарабынан борбор калаа Триполинин түштүгүнө снаряддар атылып 10 жаштагы бир бала каза тапты жана 4 киши жаракат алды.

Борбору Триполидеги Панорама ТВнин маалыматына караганда козголоңчу Хафтерге караштуу террористтер, кечээ түнү Триполинин түштүк жагындагы Тарик эш-Шук аймагына снаряд атты.

Бир үйгө тийген снаряддын себебинен 10 жаштагы бир бала каза тапты. Ошол эле үй-бүлөдөн 4 киши жаракат алган кол салууда, үй кыйрап калды.

Бир тараптан БУУ багытында таанылган Ливиянын Улуттук ынтымак өкмөтү өлкөнүн чыгыш жагындагы расмий эмес куралдуу күчтөрдүн лидери Халифе Хафтерге караштуу террористтердин 23нүн набыт болгонун, 4үнүн тирүү кармалганын жарыялады.

Ливиянын Улуттук ынтымак өкмөтү тарабынан жүргүзүлгөн «Ачуулануу вулканы» операциясынын басма сөз катчысы Мустафа эл-Межеи, Хафтер террористтеринин борбор шаары Триполинин түштүгүндө көп сандаган жактан болгон кол салуулардын Улуттук ынтымак өкмөтүнүн күчтөрү тарабынан мизи майтарылганын айтты.

Межеи, кагылышууларда Улуттук ынтымак өкмөтүнүн күчтөрүнүн да 9 аскери курман болгонун маалымдады.



Тектеш кабарлар