Газадагы кол салууларда 15 миң 103 бала каза болду

Израилдин Газа тилкесине 223 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.

2140486
Газадагы кол салууларда 15 миң 103 бала каза болду

Израиль армиясынын 7-октябрдан бери Газа тилкесине кол салууларында каза болгондордун саны акыркы 24 саатта 39га көбөйүп 35 миң 272ге жетти.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Газадагы билдирүүсүндө, Израилдин Газа тилкесине 223 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.

Израиль армиясынын акыркы 24 саатта Газанын ар кайсы аймактарында 4 кыргын жасаганы, бул кол салууларда дагы 39 палестиналыктын каза тапканы, 64 палестиналык жараланганы айтылды.

Израилдин Газа тилкесинде 7-октябрдан берки кол салууларында каза болгондордун саны 35 миң 272ге, жаралуулардын санынын 79 миң 205ке жеткени белгиленди.

Билдирүүдө урандылардын астында жана жол жээктеринде дагы деле жансыз денелердин бар экендиги, бирок Израиль күчтөрүнүн тоскоолдугунан улам медициналык топтор менен жарандык коргонуу өкүлдөрүнүн бул сөөктөргө жете албаганы кайталанды.

Палестинанын Кызыл Жарым Ай коому X баракчасынан жарыялаган жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, кол салууларда каза болгон балдардын санына көңүлдөрдү бурду.

Билдирүүдө: «Израилдин Газа тилкесине кол салууларында 15 миң 103 бала көз жумду»,- делди.



Тектеш кабарлар