Словакиянын президентинин абалы туруктуу

Кечээ куралдуу кол салууга кабылган Словакиянын премьер-министри Роберт Фицонун абалы операциядан кийин туруктуу болгону менен абалы оор экендиги маалымдалды.

2140418
Словакиянын президентинин абалы туруктуу

Кечээ куралдуу кол салууга кабылган Словакиянын премьер-министри Роберт Фицонун абалы операциядан кийин туруктуу болгону менен абалы оор экендиги маалымдалды.

Вице-премьер-министр жана Коргоо министри Роберт Калинак Банска-Бистрица провинциясындагы Рузвельт ооруканасынын директору Мириам Лапуникова менен өткөргөн маалымат жыйынында  :   «Премьер-министрдин абалы операциядан кийин турукташты бирок оор бойдон », — деди. Роберт Калинак Фицонун муну жеңерине  толук ишенгендигин айтты.

Оорукананын директору Лапуникова да кол салуусунда Фицонун көптөгөн жерине ок тийгенин, операциянын 5 саатка созулганын билдирди.

Фицо борбор шаар Братиславанын Хандлова шаарында өткөрүлгөн Министрлер кеңешинин жыйынынан кийин имараттын алдында күткөн жарандар менен учурашып жатканда кол салууга дуушар болду.

 

Өлкөнүн басма сөзүндө 71 жаштагы солчул Словакия жараны Юраж Снын өкмөттүн саясатын жактырбагандыктан кол салууну уюштургандыгы билдирилген. 

Денесине бирден ашык ок ​​тийген Фицо, шашылыш кийлигишүү жана убакытты текке кетирбөө үчүн тез жардам тик учагы менен Банска Бистрица провинциясындагы Рузвельт ооруканасына алып барылды. 

 



Тектеш кабарлар