Түркия Орусиянын эң маанилүү өнөктөштөрүнүн бири

Путин Москвадагы инвестиция форумунда сөз сүйлөдү.

391965
Түркия Орусиянын эң маанилүү өнөктөштөрүнүн бири

Орусиянын президенти Владимир Путин Түркиянын, өлкөсүнүн эң маанилүү өнөктөштөрүнүн бири экенин айтты.
Путин борбор калаа Москвада иш дүйнөсүнүн өкүлдөрү катышкан инвестиция форумунда сөз сүйлөдү.
Терроризмге каршы Түркия менен кызматташууга мүмкүнчүлүк түзүлүшү керектигин айткан Путин: «Анкара менен кандай байланыш кура турганыбызды ойлонушубуз керек. Учурда Түркия менен Коргоо министрликтери деңгээлинде сүйлөшүүлөр жүрүп жатат»-деп айтты.
Орус согуштук учактарынын түрк аба мейкиндигине 10 күндөн бери бир канча жолу кирип кетип Түркиянын F-16 учактарына тийишүүсү эки тараптуу карым-катнаштарда чыңалуу жараткан эле.
Владимир Путин Анкарада ишемби күнү болгон террордук кол салуулардан кийин президент Режеп Таййип Эрдоганга телефон аркылуу байланышып көңүл айткан алгачкы лидерлерден болгон.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар