Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстанга сапары

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков расмий иш сапары менен Өзбекстан Республикасына барды. 

Президент Сооронбай Жээнбеков Ташкентте Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолукту.

Эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү жана бекемдөө тууралуу келишимдерге кол коюлду.

Өлкө башчынын бул өлкөгө визити эки күнгө созулат.