300 метрдик Түркия желеги

Антальяда 29-Октябрь Республика майрамын белгилөөлөрдүн алкагында панар менен жүрүш уюштурулду. Мусафапаша муниципалитети жана Республика үчүн Анталья кол кармаша платформасы тарабынан "10-жыл руху" темасы менен уюштурулган панар полкунун жүрүшү, Коньяалты көчөсүндөгү эңкейиште башталды. Колдоруна панар жана түрк желектерин көтөргөн көп сандаган Анталья тургундары Республика аянтын көздөй басты. Жүрүштө 300 метрдик Түркия желеги ачылды.