Трабзон филиграны жана өрүмү

Түркиянын географиялык көрсөткүчү бар өнүмдөрү-11

2117886
Трабзон филиграны жана өрүмү
TRABZON TELKARİYE VE HASIRI.jpeg

Трабзон филиграны жана өрүмү

Катталган күнү: 22.09.2006

Түркиянын Кара деңиз жээгиндеги тарыхый шаары Трабзон, 7-8-кылымдарга таандык жана Гүмүшханедеги кендерден алынып келинген алтын, күмүштөрдү кайра иштетүү жана сатуу максатында башталган абдан өзгөчө кол өнөрчүлүк өнөрүнүн мекени. Бир кездерде шаарда жашаган калктын үйлөнүү сунуштарынын ажыратылгыс бөлүгү болгон жана алтын же күмүш билерик, чынжырча, сөйкө, шакектерден турган «Трабзон филиграны жана өрүмү» 2006-жылы Трабзон Зергерлер жана Саатчылар палатасынын кайрылуусу менен Түркиянын географиялык көрсөткүчү бар өнүмдөрүнүн катарына кирген. Трабзон филиграны жана өрүмү 22 карат алтын же 900 карат күмүштү иштетүү жолу менен жасалат. Калыңдыгы 32 микрондук ичке зымга айландырылган алтын, чеберлер тарабынан 80-100 граммдык шакекчелерге айландырылат. Алгач алтын зымдар зергер оңой колдоно турган узундукта кесилет. Кичинекей түрмөк кагаз же ширеңкенин үстүнө 1-3 миллиметрлик үч бурчтук шакекчелер түзүлүп, филигран ал шакекчелер менен өрүлөт. Ал арада, зым торду кысуу жана созуу процесси канчалык жакшы жана күчтүү болсо, токуу сапаты ошончолук жакшы болот. Толугу менен кол эмгеги жумшалып өндүрүлгөн Трабзон филиграны жана өрүмү, аймакка мүнөздүү оюм-чийим жана формалардан турат. Трабзон филиграны жана өрүмүнүн эң маанилүү өзгөчөлүктөрүнүн бири – өрүлгөн тордун бетине суу тамчылары тамчылатылганда астыңкы бөлүгүнө суу агып кетпеши. Чоң чеберчиликти жана кылдаттыкты талап кылган зер буюмдардын бул түрү бир гана Түркияда эмес, аймакка келген туристтердин негизинде эл аралык атакка да ээ болду.



Тектеш кабарлар