Хайраболу таттуусу

Түркиянын географиялык көрсөткүчү менен катталган өнүмдөрү-11

2114266
Хайраболу таттуусу
11 MART TEKİRDAĞ HAYRABOLU TATLISI.jpeg

ТЕКИРДАГ ХАЙРАБОЛУ ТАТТУУСУ

Катталган күнү: 09.08.2021

Түркиянын Мармара деңизинин жээгиндеги шаарларынын бири Текирдагдын Хайраболу районунун атынан коюлган «Хайраболу таттуусу» сыр жана шербет кошулган таттуунун бир түрү. Хайраболу муниципалитетинин кайрылуусунда 2021-жылы Түркиянын географиялык көрсөткүчү менен катталган өнүмдөрүнө кошулган Хайраболу таттуусу негизинен таттууга тиешелүү сыр менен жасалат. Райондун жайыттарында багылган малдын чийки сүтүнөн жасалган сыр, эт туурагычта майда тууралат. Майда бөлүктөргө бөлүнгөндөн кийин сыр чоң идишке жумуртка, манна, ун жана сода кошулуп жакшылап жуурулат. Даяр болгон камыр дароо жарым шар формасында кесилип табакка салынып, 330 градус Цельсийде 15 мүнөт бышырылат жана андан соң бөлмө температурасында муздаганга калтырылат. Муздатылган таттуу камыр үчүн суу, шекер жана лимон аралашмасынан жасалган шербет даярдалат. Андан кийин таттуу менен шербет бир убакта кайнатылат. Чеберликти талап кылган бул этапта таттуунун ичин жана бардык бетин сироп менен каптоо үчүн бышкан камыр маал-маалы менен аралаштырылат. Таттуу шербетти жакшылап сиңиргенден кийин өзүнчө идишке салынып, муздаганга калтырылат. Хайраболу таттуусунун үстүнө каалоого жараша жаңгак, фундук, тахин жана каймак койсо болот. Кургатылган түрүндө да сатылган Хайраболу таттуусу бузулбастан 8 ай сакталат. Шербет менен жасалган таттууну эң көп дегенде 10 күндүн ичинде жеш керек.



Тектеш кабарлар