Сивас котлети

Түркиянын географиялык көрсөткүчү менен катталган өнүмдөрү-10

2111473
Сивас котлети
SİVAS KÖFTESİ    .png

Сивас котлети

Катталган күнү: 01.02.2006

Түркиянын Борбордук Анадолу аймагындагы тарыхый Сивас шаары, бул аймактын табигый шартында багылган малдын этинен жасалган жана өзгөчөлөнгөн туз гана колдонулган абдан белгилүү тамакка атын берген. Сивас котлети 2006-жылы Сивас Соода жана өнөр жай палатасынын кайрылуусу менен Түркиянын географиялык көрсөткүчү менен катталган өнүмдөрүнө кошулган. Сивас котлетин башка котлет түрлөрүнөн айырмалап турган эң негизги өзгөчөлүк, котлет өндүрүүдө колдонулган эттин табигый чөйрөдө жана өзгөчө флорага ээ Сивас аймагынын жайлоолорунда беде, тимьян чөптөрү менен оттогон уй жана койдун этинен алынышы. Сивас жеринин жана жайыттарынын ботаникалык ар түрдүүлүгү эттин жытын аныктоочу фактор болуп саналат. Котлеттин аралашмасын даярдоодо туздан башка томат пастасы, жашылчалар, кара мурч, май же ушул сыяктуу заттар колдонулбайт. Сивас котлетин жасоодо колдонулган туз болсо Сивастын Зара районундагы Тузлагөзү айылында өндүрүлгөн жана эч кандай химиялык тазалоодон өтпөгөн табигый булак тузу болуп саналат. Бул туз ошондой эле күтүү учурунда котлеттин түсүнүн өзгөрүүсүнө жол бербейт жана узакка сактайт. Котлеттин фаршын жасоодо белгилүү жумшактыкка жетүүдө чеберчиликти талап кылгандыктан берки түрлөрүнөн айырмаланат. Кошулмалары жок жана жука даярдалганы үчүн көмөч казанда, мангалда же барбекюде өтө кыска убакытта бышырылган Сивас котлети, ичке кесилген пияз, петрушка жана отко какталган помидор жана калемпир менен берилет.



Тектеш кабарлар