Антакья Күнефеси

Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрү-7

2101772
Антакья Күнефеси

Антакья Күнефеси

Катталган күнү: 14.04.2006

Түркиянын Жер Ортолук деңизине жээктеш шаарларынын бири Хатайдын Антакья району өзүнүн атынан коюлган өзгөчө таттуусу менен белгилүү. Антакьянын Соода жана өнөр жай палатасы тарабынан 2006-жылдагы кайрылуусу менен Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрүнүн арасына кирген Антакья Күнефеси, Түркияда өндүрүлгөн сыр камтылган саналуу таттуулардын бири. Аны өндүрүүдө буудай унунан жасалган ичке зымдай созулган кадайыф, күнефе сыры, май жана шербет колдонулат. Таттуу, кеңири жана тегерек жалпак идиште эки кадайыф катмарынын ортосуна күнефе сырын салып, аны бышырып, каалаган өлчөмдөгү таттуу шербетти кошуу менен даярдалат. Бышыра турган идиштин өлчөмү керектелүүчү порциялардын санына жараша өзгөрөт. Антакья Күнефеси калыңдыгы болжол менен 1-2 сантиметр болот. Ысык кезинде желген таттуунун ичиндеги сырдын чубалжып чоюлушу күтүлөт. Колдонулган тузсуз сырдын сактоо мөөнөтү 2-3 күн болгондуктан өндүрүш учурунда жаңы болушу керек. Көпкө турган сыр Антакья күнефесинин даамын бузат. Антакья Күнефеси Түркияда өндүрүлгөн берки сыр камтылган таттуулардан формасы, түсү, курамы, даярдалышы жана керектөө ыкмасы жагынан айырмаланат. Башка сыр таттууларынан айырмаланып Антакья Күнефесинин үстүнкү жана астыңкы беттери өзүнчө бышырылат. Бул өзгөчө чеберчиликти талап кылган процесс. Даамына келтирүү процесси болсо күнефе бышкандан кийин таттуу шербетти кошуу менен ишке ашырылат. Десертке көбүнчө мисте себеленип каймак же балмуздак менен берилет.



Тектеш кабарлар