Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-33

Түркмөн адабиятынан Агагелди Алланазаровдун “Тюлень”аттуу аңгемеси

1155364
Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-33

Урматтуу китеп күйөрмандары, программабыздын бүгүнкү чыгарылышын түркмөн адабияты менен улантабыз. Бүгүнкү чыгарылышыбызда учурдагы түркмөн адабиятынын белгилүү акын-жазуучусу Агагелди Алланазаровдун чыгармачылыгынан жана анын “Тюлень” аттуу романынан баяндап беребиз.  

                     Кадырлуу окурмандар, түркмөн адабияты - 18-кылымга чейин оозеки түрдө айтылып келген, баатырдык жомокторго, дастандарга, макал-лакап, табышмактарга жана ырларга толгон, тарыхы узакка таянган бай адабияттардын бири. Түркмөн адабияты дегенде алгач эле сопу-акын Махтымкулу Фраги ойго келет. 18-кылымда өмүр сүргөн сопу-акын Махтымкулу түркмөн адабиятынын баштоочусу катары кабыл алынат. Башаты Махтымкулу менен башталган түркмөн адабиятына салым кошкон акын-жазуучулардын саны арбын. Алардын бири катары, учурдагы түркмөн элинин белгилүү жазуучусу – Агагелди Алланазаровду атай алабыз. Алланазаров өзүнүн чыгармалары менен түркмөн элинин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон жазуучулардан бири. Ал Түркмөстандын Тактабазар аймагында Марчак аттуу айылда 1948-жылы жарык дүйнөгө келген. Айылында 8 жылдык мектепти аяктагандан кийин Ман шаарындагы Педагогикалык окуу жайында билимин улантат. 1976-жылы Москвада Максим Горький атындагы адабият институтун бүтүрүп, Туркменистан басмаканасында редактор болуп ишке баштайт. Көп жылдар бою китеп басмасында ар кандай кызматтарда иштеп келген. Кийин “Түркмөнстан” басмаканасында директор болуп шайланат. Ал эми 2001-жылдан баштап Түркмөнстандын Улуттук китеп палатасынын директору болуп дайындалган. Учурда Түркмөнстандын мамлекеттик басмакана кызматтарынын катарында иштеп жатат.

                      Агагелди Алланазаровдун адабиятка болгон кызыгуусу мектепте окуп жүргөндө эле башталат. Мектеп окуучусу учурунда эле анын “Ырлар жана аңгемелер” аттуу китеби жарык көрөт. Ал адабий чөйрөгө ыр жазуу менен кошулган. Алгачкы повестин студент кезинде 1975-жылы “Совет адабияты” журналына жарыялаган. Анын ырлары 80-жылдары элге кеңири тааныла баштаган. Жазуучунун “Жети дан”, “Жүрөгүмө саякат”, “Жаштыгымын дастаны”, “Чөлдүн деңиздей күндөрү” сыяктуу аңгеме жана повесттери менен бирге “Жолдон  келген кат”, “Сүйүү тууралуу” сыяктуу ырлар жыйнагы орус жана түркмөн тилдеринде жарык көргөн. Анын ийгиликтүү чыгармаларынан “Жети дан” жана “Дастан” аттуу чыгармаларынан түркмөн фильм студиясынан кино тартылган. Жазуучу кичинекей окурмандарын да кур калтырбай “А тамгасын жазамын”, “Аттын эрки”, “Илгери өткөн заманда” сыяктуу кызыктуу балдар аңгемелерин да чыгарган. Алланазаровдун бир топ чыгармалары орус тилинде жарыяланып көпчүлүк тарабынан окулуп, кеңири таанымал болгон. 1983-жылы Агагелди Алланазаровдун чыгармалары “Түркмөнстан Жаштар Уюму”нун сыйлыгына ылайык деп табылган. 1992-жылы балдар үчүн жазылган ийгиликтүү чыгармасы катары “Илгери өткөн заманда” китеби сыйлыкка татыктуу болгон. Анын “Түлкүнүн туулган күнү” аттуу пьесасы 20 жыл бою Түкмөнстанда жана чет элдик сахнада көрсөтүлүп келет. Анын чыгармаларынын көбү бир топ тилдерге которулган. Бүгүн кеп кыла турган анын “Тюлень” аттуу романы сүйүү жанрында жазылып, окурмандардын колунан түшпөй келген чыгармаларынын бири катары баалуу.

        Агагелди Алланазаровдун “Тюлень” романы бир дем менен окулуучу чыгармалардан деп айтсак болот. Чыгарма 2-дүйнөлүк согуш учурунан кийинки эскерүү менен азыркы учур баяндалат. Романдын башкы каарманы Балкан аттуу жигит он жети жашында 2-дүйнөлүк согуштун айынан мекенин коргоо үчүн Берлинге чейин барат. Жаш аскер согуш аяктап көкүрөгү толгон медаль менен жана чет жерде тапкан сүйүүсү Берта аттуу сулуу менен мекенине кайтат. Берта немис улутунан болот. Экөөнүн ортосунда татынакай баласы да төрөлөт. Балкандын үй-бүлөсү Бертаны жылуу кабыл алышат. Чет элдик келин дагы аларга үйүр алышып, бактылуу күндөрүн өткөрө баштайт. Бирок бул бакыт узакка созулбайт. Берта экинчи баласын боюнда көтөрүп жүргөн учурунда кырсыкка кабылат. Чыгарманын терс каарманы Умман аттуу кыз Балканды бала кезинен тымызын сүйүп келет. Аскерден кайтканда сүйүүсүнүн ачыларын күткөн Умман күтүүсүз окуяга туш болуп, сүйүктүүсүнүн үйлөнгөнүн көрүп, ызасын ичине катат. Ошол күндөн баштап Умман Берта менен Балкандын ортосун бузуунун амалын ойлоно жүрөт. Ачык мүнөз, жүрөгү таза Берта Умманды досу катары көрүп, балык кармоону хобби туткан келин досу менен бирге сууга барганды адатка айлантат. Кош бойлуу кезинде да балык кармоо үчүн Умман менен деңиз жээктей барат. Бертадан кутулуунун жолун издеп жүргөн Умман, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып сууга чөктүрүп жиберүүнү ойлонот. Көздөгөн максатына жеткен Умман бир шарты менен гана тирүү калтырарын айтып Бертаны коркутат. Ал шарты - биротоло Балкандан алыстап өз мекенине кайтып кетүүсү эле. Баласын жоготуп алуудан корккон Берта макул болот. Жээктегилерге Бертанын чөгүп кеткени гана айтылат. Кийин Умман көздөгөн максатына жетип Балканга турмушка чыгат. “Кыңыр иш кырк жылда билинет” демекчи, Балкан окуянын чындыгын көп жылдан кийин, карыган учурунда гана билет. Балкандын кемпири Умман ооруга чалдыгып, өлүм астында жатканда гана сырын ачат. Бул оор жүктү аркы дүйнөгө ташып кете албайт эле. Окурмандар эми Балкан Уммандын бул чыккынчылыгын кечирип кечирбесин, эски сүйүүсү Берта менен кайрадан жолугуп жолукпасын жана башка көптөгөн кызыктуу окуяларды, түркмөн элинин үрп-адатын, каада-салтын, гуманистик көз карашын, ырайымдуулугун мына ушул “Тюлень” аттуу чыгармасынан окуй алышат.

           Урматтуу окурмандар, сиздер учурдагы түркмөн адабиятынан кабардар болдуңуздар. Эгер Агагелди Алланазаровдун “Тюлень” аттуу романына кызыгуу жаралган болсо, анда сиздерге чыгарманын орус тилинде жарыяланган котормосун сунуштай алабыз.

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.  



Тектеш кабарлар